Баткен Мамлекеттик университетинде жана Баткен шаарында коопсуз эмгек миграциясы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү

29 Май 2024
Баткен Мамлекеттик университетинде жана Баткен шаарында  коопсуз эмгек миграциясы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү  иш-чаралары өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 14- апрелиндеги №191-р тескемеси менен бекитилген 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун (Борбор) Түштүк аймактык бөлүмү менен Мигранттар үчүн ресурстук борбору (МРБ) тарабынан 2024-жылдын 28-майында Баткен Мамлекеттик университетинде жана Баткен шаарынын мэриясында биргелешкен маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү. 

 

Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Тулаев Маруфхан Каримович, Баткен шаарынын биринчи вице-мэри Орозов Акылбек Курбанбекович, Баткен Мамлекеттик университетинин ректору Гыязов Айдарбек Токторович, Баткен районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин орун басары Кыдырова Кишимжан Абдыкадыровна, Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, ички иштер органдарынын, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери жана соцкызматкерлери, айыл башчылары, мугалимдер, студенттер катышышты. 

 

Жолугушуулардын жүрүшүндө Борбордун жана МРБнын ишмердүүлүгү, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруунун  эрежелери, коопсуз эмгек миграциясы, чет өлкөлөрдө көйгөйлөргө кабылып калбоо чаралары, жеке иш берүүчү агенттиктер, migrant.kg сайтындагы маалыматтарды туура пайдалануу, ж.б. маселелер боюнча презентациялык материалдар көрсөтүлдү, кеңири маалыматтар жана  суроолорго жооптор берилди. 

 

Катышуучуларга коопсуз эмгек миграциясы жана адамдарды сатуу тобокелдиктери жөнүндө маанилүү маалыматтарды камтыган маалыматтык плакаттар жана буклеттер тапшырылды. 

 

Бул иш-чаралар өткөн жылы башталган "Коопсуз миграция Кербени" демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат, ал быйыл түштүк аймактын алыскы конуштарына жана тереңдигине чейин кеңейди. Бул демилгенин максаты калкка коопсуз эмгек миграциясы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамдуу ишке орноштуруу жөнүндө толук маалымат берүү болуп саналат. Бул Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө ишке орношууга умтулган жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын камсыз кылуудагы маанилүү кадам.