- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Бишкек шаарында EPS-TOPIK тестине даярдык көргөн окуу борборлору менен жолугушуу болуп өттү /
Бишкек шаарында EPS-TOPIK тестине даярдык көргөн окуу борборлору менен жолугушуу болуп өттү

2025-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда (мындан ары-Борбор) Кыргыз Республикасынын жарандарына EPS-TOPIK программасы боюнча корей тилин үйрөтүү менен алектенген окуу борборлорунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Борбордун жетекчилиги жана Кыргыз Республикасындагы EPS Center’дин директору Ким Ынжи айым катышты.
Жолугушуунун максаты – тестке даярдык көрүү сапатына байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулоо, талапкерлерди жана окуу борборлорун тест тапшыруу процесси жөнүндө так жана бирдей маалымдоо, ошондой эле корей тилин үйрөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жалпы чечимдерди иштеп чыгуу болуп саналат.
Жолугушуу учурунда төмөнкү негизги маселелер көтөрүлдү:
- тестке даярдык учурунда жаралган көйгөйлөр;
- талапкерлерди маалымдоо боюнча бирдиктүү ыкманын зарылдыгы;
- мурдагы тесттердин жыйынтыктарын талдоо жана кийинки этапка даярдык.
Борбордун директору Б.Э. Кудайбердиев жолугушууга катышкандарга кайрылып, төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Биз үчүн жарандарыбыз сапаттуу билим алып, EPS системасы боюнча так маалымат алышы абдан маанилүү. Борбор ар дайым конструктивдүү сунуштарга жана идеяларга ачык, окуу борборлору менен тыгыз кызматташууга даяр. Болгону биргелешкен аракеттердин негизинде биз жогорку деңгээлдеги даярдыкты жана бардык процесстердин ачыктыгын камсыздай алабыз».
Жолугушуунун жыйынтыгы менен окуу борборлорунун өкүлдөрү ачык диалог үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, мындан аркы тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Корея Республикасында Кыргызстандын жарандарынын мыйзамдуу түрдө ишке орношуусуна көмөктөшүү максатында окуу борборлору жана EPS Center менен өнөктөштүктү чыңдоону улантат.




