Ош шаарында Улуу Британияга виза алуу үчүн арыздарды кабыл алуу боюнча VFS Global визалык борбору ишин баштады

15 Март 2026
Ош шаарында Улуу Британияга виза алуу үчүн арыздарды кабыл алуу боюнча VFS Global визалык борбору ишин баштады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарга 2026-жылдын 16-мартынан тартып Ош шаарында Улуу Британияга виза алуу үчүн арыздарды кабыл алуу боюнча VFS Global визалык борбору (Osh Premium Application Centre) ишин баштаганын маалымдайт.

Визалык борбор алдын ала онлайн-жазылуу аркылуу гана жана белгиленген иш графигине ылайык иш жүргүзөт.

Жарандардын көңүлүнө төмөнкү шарттар сунушталат:

• Кабыл алуунун кошумча күндөрү Premium Application Centre кызматынын алкагында жеткиликтүү, анын баасы 150 фунт стерлингди түзөт.
• Бул кызмат стандарттык кабыл алуу күндөрүнөн тышкары ыңгайлуу убакытты тандоого мүмкүнчүлүк берет.
• Ошол эле учурда жарандар кадимки күндөргө 76,50 фунт стерлинг өлчөмүндөгү стандарттык төлөм менен жазыла алышат.
• Кабыл алуу түрүн тандоо виза боюнча чечимге таасир этпейт.

VFS Global визалык борбору алдын ала жазылуусуз келген жарандарды кабыл албайт.
Арыз берүүчүлөр кабыл алууга датаны жана убакытты алдын ала онлайн брондоп, көрсөтүлгөн убакытта так келүүгө милдеттүү.          
Визага арыз кабыл алуу кызматы борбордун белгиленген иш убактысынан тышкары иштебейт.

📍Визалык борборун дареги:
Osh Premium Application Centre
Ош шаары, Раимбеков көчөсү 13/1
«Taj Mahal» соода борбору
Ош шаары, Кыргыз Республикасы

Кабыл алууга жазылуу жана документ тапшыруу боюнча бардык суроолор боюнча VFS Global визалык борборунун расмий сайтындагы маалыматтар менен таанышуу сунушталат.

Толугураак маалымат төмөнкү шилтемелер аркылуу жеткиликтүү:
English
https://visa.vfsglobal.com/kgz/en/gbr/attend-centre/osh-premium-application-centre
Russian
https://visa.vfsglobal.com/kgz/ru/gbr/attend-centre/osh-premium-application-centre

Жаңылыктар:
English
https://visa.vfsglobal.com/kgz/en/gbr/news/important-update-uk-visa-application-centre-in-osh
Russian
https://visa.vfsglobal.com/kgz/ru/gbr/news/important-update-uk-visa-application-centre-in-osh