Бишкек шаарында мыйзамсыз ишке орноштуруу миграция каналдарына бөгөт коюлду

19 Март 2026
Бишкек шаарында мыйзамсыз ишке орноштуруу миграция каналдарына бөгөт коюлду

2026-жылдын 16 жана 17-мартында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын ЭММКАКнын кызматкерлери менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамсыз ишке орноштуруу боюнча тарабынан тиешелүү уруксаты жок иш алып барган чарба жүргүзүүчү субъекттер, юридикалык жана физикалык жактарды аныктоо максатында, биргелешкен рейд жүргүзүлдү.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарды чет өлкөдө ишке жөнөтүү жана тандоо (жыйноо) боюнча тиешелүү уруксаты жок иш жүргүзүү фактылары аныкталды. Текшерүү натыйжасында Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 95-беренесине ылайык (“жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш”) 5 (беш) административдик протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, укук бузууларга жол берген адамдарга карата чет өлкөдө легалдуу түрдө ишке орношуу тартиби тууралуу, ошондой эле тышкы эмгек миграциясына байланыштуу нормативдик-укуктук актылар менен тааныштыруучу түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Борбор, чарба жүргүзүүчү субъекттерди, юридикалык жана жеке жактарды эскертет: Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берилген расмий уруксаттын болушу — мыйзамдын талабы.

Борбор Кыргыз Республикасынын жарандарына сак болууга жана чет өлкөдө иш сунуштаган агенттиктердин уруксат документтеринин бар экендигин текшерүүгө чакырат. Агенттиктин мыйзамдуу иш жүргүзүп жатканын Борбордун расмий сайты аркылуу текшерүүгө болот: https://migrant.kg