Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында жана Кызыл-кыя шаардык мэриясында коопсуз эмгек миграциясы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү

04 Июнь 2024
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында жана Кызыл-кыя шаардык мэриясында коопсуз эмгек миграциясы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун (Борбор) Түштүк аймактык бөлүмү менен Мигранттар үчүн ресурстук борбору (МРБ) тарабынан 2024-жылдын 30-майында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында жана Кызыл-Кыя шаардык мэриясында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү. 

Иш-чарага Кадамжай райондук мамлекеттик администрациянын башчысы акимдин орун басары Асанова Меерихан Мийзамовна, Кызыл-кыя шаарынын биринчи вице-мэри Бабаев Ильязбек Дооронбекович, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматкерлери, райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, райондук айыл аймактарынын башчылары жана социалдык кызматкерлери ошондой эле студенттер катышышты.  

Жолугушуулардын жүрүшүндө Борбордун жана МРБнын ишмердүүлүгү, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруунун  эрежелери, коопсуз эмгек миграциясы, чет өлкөлөрдө көйгөйлөргө кабылып калбоо чаралары, жеке иш берүүчү агенттиктер, www.migrant.kg сайтындагы маалыматтарды туура пайдалануу, ж.б. маселелер боюнча презентациялык материалдар көрсөтүлдү, иш чаранын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип жана кызуу талкуу жүргүзүлдү.

Иш чаранын соңунда катышуучуларга коопсуз эмгек миграциясы жана адамдарды сатуу тобокелдиктери жөнүндө маанилүү маалыматтарды камтыган маалыматтык плакаттар жана буклеттер таркатылды.