Лейлек районунун мамлекеттик администрациясында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

30 Май 2024
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 14- апрелиндеги №191-р тескемеси менен бекитилген 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун (Борбор) Түштүк аймактык бөлүмү менен Мигранттар үчүн ресурстук борбору (МРБ) тарабынан 2024-жылдын 29-майында Лейлек районунун мамлекеттик администрациясында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү. 

 

Иш-чарага Лейлек райондук администрациянын өкүлдөрү, Лейлек райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Масалиев Бабырайим Кожонбаевич, райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, Лейлек районунун айыл аймактарынын башчылары жана социалдык кызматкерлери катышышты.  

 

Жолугушуулардын жүрүшүндө Борбордун жана МРБнын ишмердүүлүгү, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруунун  эрежелери, коопсуз эмгек миграциясы, чет өлкөлөрдө көйгөйлөргө кабылып калбоо чаралары, жеке иш берүүчү агенттиктер, migrant.kg сайтындагы маалыматтарды туура пайдалануу, ж.б. маселелер боюнча презентациялык материалдар көрсөтүлдү, иш чаранын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип жана кызуу талкуу жүргүзүлдү.

 

Бул иш-чаралар өткөн жылы башталган "Коопсуз миграция Кербени" демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат, ал быйыл түштүк аймактын алыскы конуштарына жана тереңдигине чейин кеңейди. Бул демилгенин максаты калкка коопсуз эмгек миграциясы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамдуу ишке орноштуруу жөнүндө толук маалымат берүү болуп саналат. Бул Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө ишке орношууга умтулган жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын камсыз кылуудагы маанилүү кадам.

 

 

Иш чаранын соңунда катышуучуларга коопсуз эмгек миграциясы жана адамдарды сатуу тобокелдиктери жөнүндө маанилүү маалыматтарды камтыган маалыматтык плакаттар жана буклеттер таркатылды.