- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Ош технологиялык университетинде коопсуз эмгек миграциясы боюнча маалыматтык иш-чара өткөрүлдү /
Ош технологиялык университетинде коопсуз эмгек миграциясы боюнча маалыматтык иш-чара өткөрүлдү

2025-жылдын 3-июнунда Ош технологиялык университетинин бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдери катышкан жыйын өткөрүлүп, аларга Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруунун эрежелери, мигранттардын укуктары жана милдеттери, коопсуз эмгек миграциясы, Борбордун жана жеке иш берүүчү агенттиктердин ишмердүүлүгү, migrant.kg сайтындагы маалыматтарды туура пайдалануу, Россия Федерациясынын миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына киргизилген өзгөрүүлөр боюнча кенен маалыматтар берилип, презентациялык материалдар көрсөтүлдү.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы С.Токтосунов жана адиси И.Мурзабеков, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустардагы өкүлчүлүгүнүн атташеси А.А.Жунусов, ОшТУнун эл аралык бөлүмүнүн башчысы Г.М.Тойчубекова, ОшТУнун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Н.Кадырбек кызы жана Индустриалдык-педагогикалык институтунун директору У.К.Абдалиевдер усулдук мазмундагы баяндамаларды жасашты. Суроолорго жоопторду жана практикалык кеңештерин беришти. Катышуучуларга маалыматтык брошюралар таркатылды.




