ОшТУда Корея Республикасында жумушка орношуу боюнча маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү

11 Июнь 2025
ОшТУда Корея Республикасында жумушка орношуу боюнча маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү

2025-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк аймагы боюнча бөлүмү тарабынан Корея Республикасынын Кыргызстандагы EPS борбору жана ОшТУнун Эл аралык бөлүмү менен биргеликте Ош Технологиялык университетинин студенттеринин жана мугалимдеринин катышуусунда коопсуз эмгек миграциясы боюнча жолугушуу өткөрүлдү. 


EPS борборунун директору Ким Ын Жи айым Кореядагы жумушка орношуу процессинин өзгөчөлүктөрү, «EPS-TOPIK» программасынын негизги талаптары тууралуу кеңири маалымат берди. 


Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы С.Токтосунов Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруунун  эрежелери, Борбордун migrant.kg сайтындагы маалыматтарды туура пайдалануу, Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасында жумушка орноштуруунун тартиптери  боюнча маалыматтарды жеткирди.  
Жолугушуунун катышуучулары коопсуз эмгек миграциясынын эрежелери тууралуу зарыл маалыматтарга ээ болушту, тиешелүү суроолорго  жоопторду жана маалыматтык брошюраларды алышты.