Мигранттар үчүн кетер алдындагы багыттоо жана реинтеграция борборунда жапон тилин интенсивдүү окутуу курсу расмий башталды

08 Август 2025
Мигранттар үчүн кетер алдындагы багыттоо жана реинтеграция борборунда жапон тилин интенсивдүү окутуу курсу расмий башталды

Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда эмгек миграциясы боюнча кызматташтык тууралуу кол коюлган Меморандумдун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабировдун Японияга болгон сапарынын жыйынтыктары боюнча, 2025-жылдын 8-августунда мигранттарды алдын ала багыттоо жана кайра интеграциялоо борборунда жапон тилин интенсивдүү үйрөнүү курсунун расмий ачылышы болуп өттү.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору                     Б.Э. Кудайбердиев жана Япониянын курулуш кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча улуттук корпорациясынын (JAC) менеджери Хиденори Симидзу (Hidenori Shimizu) катышты. Мурда катталгандардын арасынан, алардын ичинде өлкөнүн бардык аймактарынан жана өзгөчө социалдык колдоого муктаж жаштардан турган 30 катышуучу тандалып алынган.

Чакырылгандар курс өткөрүлүүчү шарттар менен жана жапон тилин үйрөнүү үчүн ыңгайлаштырылган аудиториялар менен таанышышты. Андан соң катышуучуларга окуу колдонмолору жана керектүү материалдар тапшырылды.

Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда эмгек миграциясы боюнча меморандумга кол коюлган соң жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Япониянын курулуш кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча улуттук корпорациясы (JAC) менен кызматташтыкта системалуу иштер жүргүзүлүп, Кыргызстандын жарандарына Японияда жумушка орношууга шарт түзүлүп жатат, бул эмгек рыногун диверсификациялоонун жаңы багыты болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жарандардын мыйзамдуу эмгекке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоого жана дүйнөлүк эмгек рыногунда алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган активдүү ишин улантат.