- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда ISO 9001 эл аралык стандарттарын киргизүү маселеси талкууланды /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда ISO 9001 эл аралык стандарттарын киргизүү маселеси талкууланды

2025-жылдын 29-апрелинде Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (ЖЧӨИОБ) жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө ISO 9001 сапатты башкаруунун эл аралык стандарттарын киргизүү маселесине арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Борбордун директору Кудайбердиев Б.Э., Кыргызстандарттын, Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ), Жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ассоциациясынын, Жеке агенттиктер союзунун жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдында түзүлгөн чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу комитетинин өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун негизги темасы – ЭМУнун колдоосу менен уюштурулган ISO 9001 стандарты боюнча жеке ишке орноштуруу агенттиктерине арналган жакында эле аяктаган окутуу тренингинин жыйынтыктарын чыгаруу болду. Катышуучулар алган билимдерин жана бул стандартты күнүмдүк ишке кантип колдонсо болорун талкуулашты.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылууда системалуу ыкмага өзгөчө көңүл бурулду. Бул өз кезегинде, кардарлардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин жогорулатууга, ошондой эле эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого өбөлгө түзөт. ISO 9001 стандартын колдонуу ички процесстерди жакшыртуу менен бирге, агенттиктердин эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатары белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар мындан ары да кызматташууга кызыкдар экенин билдиришип, агенттиктерди ISO 9001 стандартына ылайык сертификациялоого байланыштуу практикалык кадамдарды жасоого даяр экендиктерин белгилешти.







