Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Япониянын инвестиция жана кадр маселелери боюнча делегацисы менен жолугушуу болуп өттү

17 Май 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Япониянын инвестиция жана кадр маселелери боюнча делегацисы менен жолугушуу болуп өттү

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Япониянын инвестиция жана кадр маселелери боюнча делегацисы менен жолугушуу болуп өттү.

2025-жылдын 15-майында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Япониянын инвестиция жана кадр маселелери боюнча делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда кыргыз жарандарын Японияда уюшкан түрдө жумушка орноштурууда кызматташууну кеңейтүү болду. Кыргыз тарап япон эмгек рыногунун талаптарына жооп берген квалификациялуу адистерди даярдоого даяр экендигин билдирди. Айрыкча Японияда талап кылынган багыттар — тейлөө тармагы, маалыматтык технологиялар, медицина жана стоматология боюнча адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Борбордун директору Кудайбердиев Б.Э. эмгек мигранттарын комплекстүү даярдоонун, анын ичинде кесиптик жана тил боюнча окуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал чет өлкөдө иштеп жаткан жарандардын эмгек укуктарын коргоого чоң маани берилерин айтып, кыргызстандык адистер татыктуу жумуш менен гана камсыз болбостон, камсыздандыруу, укуктук колдоо жана мамлекеттик органдар менен байланыш каналдарына жеткиликтүү болушу керектигин баса белгиледи.

Япон делегациясынын өкүлү Миямото айым кыргыз тарапка эки тараптуу диалогду өнүктүрүүгө активдүү көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирип, япон тилин үйрөнүп жаткан кыргызстандыктардын даярдык деңгээлин жогору баалады. Анын айтымында, мындай деңгээл кыргыз адистеринин Японияда ийгиликтүү көнүгүп кетүүсү жана кесиптик жактан өнүгүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Жолугушууда Борбордун директору Кыргыз Республикасынын жарандарын Японияда жумушка орноштуруунун бардык баскычтарында — тандоодон тартып, жергиликтүү рынокко интеграцияга чейин — толук колдоо көрсөтүүгө даяр экенин тастыктап, бардык процедуралык маселелерди ыкчам чечүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргызстанда биргелешкен социалдык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү да талкууланды. Алдыңкы багыттар катары социалдык кызмат көрсөтүү системаларын өнүктүрүү жана медицина менен санарип технологиялар багытындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары дагы бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрү белгиленди.