- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда IM Japan уюмунун делегациясы жана япон иш берүүчүлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда IM Japan уюмунун делегациясы жана япон иш берүүчүлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2025-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Б.Э. Кудайбердиев IM Japan эл аралык уюмунун президенти Канамори Хитоши мырза, ошондой эле курулуш, кеме куруу жана медайымдык иш чөйрөлөрүндө иштеген япон компанияларынын бир катар өкүлдөрү менен жолугушту.
Бул жолугушуу ушул жылдын апрель айында кыргыз делегациясынын Японияга болгон расмий визитинин алкагында өткөрүлгөн мазмундуу сүйлөшүүлөрдүн логикалык уландысы болду. Тараптар өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин ырасташып, уюшкан эмгек миграциясы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын квалификациялуу жарандарын Япониянын курулуш, медайымдык иш жана кеме куруу ишканаларындагы ширетүү иштери сыяктуу тармактарга тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Япон тарап кыргызстандык адистерге кызыгуусу жогору экендиктерин билдирип, белгилүү көндүмдөргө ээ жумушчуларды (SSW) тартуу үчүн квоталарды кеңейтүү потенциалы бар экендигин белгиледи.
Талапкерлердин япон тилин билишинин маанилүүлүгү айрыкча баса белгиленди. Буга байланыштуу, япон тарап пилоттук долбоорлордун алкагында япон тилин окуган Кыргыз Республикасынын окуу жайларынын студенттери үчүн стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө даяр экендигин билдирди. Стажировкадан ийгиликтүү өтүү кийинчерээк белгилүү көндүмдөрү бар чет өлкөлүк жумушчуларды ишке тартуу программасынын алкагында расмий ишке орношууга негиз болот.
Жолугушуунун соңунда тараптар бул диалог практикалык натыйжаларга алып келерине, кыргыз жаштары үчүн жаңы горизонтторду ачарына жана Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө кызмат кыларына ишеним билдиришти.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору мындан аркы конструктивдүү кызматташууга жана өлкөнүн жарандары үчүн эл аралык эмгек рыногунда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө даяр экендигин тастыктайт.








