- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Европа жана Борбордук Азиядагы Программалардын директору Руди Портер жана “Solidarity” эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Европа жана Борбордук Азиядагы Программалардын директору Руди Портер жана “Solidarity” эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
2024-жылдын 3-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда (мындан ары – Борбор) Европа жана Борбордук Азиядагы Программалардын директору Руди Портер жана “Solidarity” эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордун директору Б.Э. Кудайбердиев Борбордун учурдагы ишмердүүлүгү, анын негизги багыттары жана жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууга колдоо көрсөтүүгө багытталган долбоорлор тууралуу айтып берди. Ал Борбордун ишинин негизги багыттарын, анын ичинде Улуу Британия, Корея Республикасы, Словакия жана Германия сыяктуу өлкөлөргө ишке орноштуруу программаларын, кетээр алдындагы даярдыктарды жана коопсуз миграция маселелерин белгиледи. Ошондой эле миграция процессинде мүмкүн болуучу тобокелдиктердин алдын алуу үчүн чет өлкөлөрдө иштеп жаткан Кыргыз жарандарынын укуктарын сактоо жана аларга толук маалымат берүү маанилүү экендиги баса белгиленди.
“Solidarity” өкүлдөрү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого, алардын эмгек мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга жана социалдык шарттарды жакшыртууга багытталган долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.
Ошондой эле тараптар Кыргыз жарандарын чет өлкөдө ишке орношууда туш болгон учурдагы чакырыктар, мындан аркы ар тараптуу кызматташуу тууралуу пикир алмашышты. Атап айтканда, алдамчылык фактыларын алдын алууга жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган биргелешкен билим берүү жана маалыматтык кампанияларды күчөтүү сунушталды.
Жолугушуунун соңунда тараптар эмгек миграциясында жүргөн Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатуу жана алардын чет өлкөдө иштөө шарттарын жакшыртуу үчүн активдүү биргелешкен ишти улантууну ишенимин билдиришти.