- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда KUNA e.V немис компаниясы менен жолугушуу болуп өттү /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда KUNA e.V немис компаниясы менен жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда (мындан ары – Борбор) 2025-жылдын 8-сентябрында немис компаниясы KUNA e.V. өкүлдөрү —Ихар Кудзин мырза жана Наталия Нойманн айым менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Ошондой эле жолугушууга “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун өкүлү Г.Т. Дербишева катышты.
KUNA e.V. компаниясы немис тилин үйрөтүү жана андан кийинки металл иштетүү тармагына ишке орноштурууга көмөктөшүү багытында иш алып барат. Азыркы учурда кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жана өз ара аракеттенүүнүн жолдору талкууланды.
Борбордун директорунун орун басары К.Н. Жакыпов жолугушууга катышкандарды Борбордун негизги ишмердүүлүк багыттары менен тааныштырып, жарандарды коопсуз жана мыйзамдуу миграция боюнча маалымат менен камсыз кылуучу заманбап инструмент катары www.migrant.kg расмий сайтынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда окутуу жана мындан аркы ишке орноштуруу перспективаларын талкуулашты. Учурдагы сүйлөшүүлөр тааныштыруу мүнөзүнө ээ болуп, мүмкүн болгон өз ара аракеттенүүнүн формаларын иштеп чыгууга багытталган.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар диалогду улантууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды кароого даяр экендигин билдиришти.
Борбор жарандардын Кыргыз Республикасынан мыйзамдуу түрдө чет өлкөдө ишке орношу үчүн эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана багыттарды диверсификациялоо боюнча ишин улантат.


