Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Япониянын Midas Inc. жана IBC компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

20 Август 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Япониянын Midas Inc. жана IBC компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2025-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Midas Inc. компаниясынын президенти айым Ямамото Сацуки жана IBC компаниясынын башкы директору мырза Ишимара Кодзи менен жолугушуу болуп өттү.

Япон делегациясынын курамына ошондой эле төмөнкү өкүлдөр кирди:

  • Урю СюичиMidas Inc. компаниясынын директору;
  • Кёка НаокиRSK транспорт жана логистика ассоциациясынын өкүлү;
  • Ёцухаси Мичинори –Кыргызстандын Япониядагы ардактуу консулу.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын Японияда ишке орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык тармакка жана улгайган адамдарды кароо багытына тартууга бурулду. Бул тармактарда квалификациялуу кадрларга жогору суроо-талап бар экени белгиленди.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору                                Б. Кудайбердиев кыргыз тараптын өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин белгилеп, мындай демилгелер Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга, кесиптик жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

🤝 Жолугушуу конструктивдүү жана ишкердик маанайда өттү. Жыйынтыгында тараптар мындан аркы диалогду улантууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин билдиришти.