Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Кореянын Адам ресурстарын өнүктүрүү кызматынын (HRD Korea) вице-президенти Лим Сын Мук мырза менен жолугушуу болуп өттү

04 Сентябрь 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Кореянын Адам ресурстарын өнүктүрүү кызматынын (HRD Korea) вице-президенти Лим Сын Мук мырза менен жолугушуу болуп өттү

2025-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында HRDK вице-президенти Лим Сеунг Мук жана Чет элдик жумушчуларды ишке орноштуруу департаментинин директорунун орун басары Пак Чонгбанг Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун (мындан ары-Борбор) жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасында расмий ишке орноштурууга шарт түзгөн жана эл аралык эмгек рыногунда зарыл болгон кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн Employment Permit System (EPS) программасы боюнча мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Кыргыз тарап төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурду:

  • Бишкек шаарында EPS-TOPIK тестирлөөсүн планшеттер аркылуу өткөрүү (UBT форматы) менен тестирлөө жол-жобосун өркүндөтүү, бул техникалык мүчүлүштүктөрдү азайтып, экзамендин ачыктыгын жогорулатат;
  • эмгекке орноштуруу тармактарынын базасын актуалдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарына жеткиликтүү контракттардын санын көбөйтүү зарылдыгы;
  • кыргыз тилинде окуу материалдарын даярдоо, бул талапкерлердин тестирлөөгө сапаттуу даярданышын камсыздап, алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырат;
  • кызмат көрсөтүү, айыл чарба жана тоо-кен тармактарынын ордуна жалпы базага өтүү аркылуу эмгек мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Сапардын алкагында Борбордун жетекчилиги Лим Сын Мук мырза жана делегация мүчөлөрү менен бирге жарандарды алдын ала даярдоо жана реинтеграциялоо борборуна барышты. Ал жерде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасында иштөөгө эмгек келишимдерин алган атайын окуудан өтүп жаткан 12 жаран менен пикир алышып, жаңы кесиптик жана маданий чөйрөгө ийгиликтүү көнүү үчүн алдын ала даярдыктын маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эмгек миграциясы жаатындагы кызматташууну чыңдоодо маанилүү этап болуп калды жана кыргыз жарандары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.