Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Япониялык IM Japan компаниясынын өкүлү менен жолугушуу болуп өттү

02 Октябрь 2024
Жарандарды чет өлкөдө  ишке орноштуруу борборунда Япониялык IM Japan компаниясынын өкүлү менен жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда (мындан ары-Борбор) 2024-жылы 1-октябрькүнү Япониянын IM Japan Япониялык компаниясынын аткаруучу кеңешчиси Токуда Киеши мырза баштаган делегация мененжолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз жарандарын Японияга ишке орноштуруу жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин, ошондой эле адам ресурстарын өнүктүрүүнүн эл аралык системасынын алкагында кызматташууну кеңейтүү келечегин талкуулашты. Японияда ишке орношо турган Кыргыз Республикасынан квалификациялуу адистердин санын көбөйтүү үчүн мүмкүн болгон багыттар талкууланды.

 Япониядагы ийгиликтүү иштөө  үчүн Кыргыз адистерин тандоо, даярдоо жана адаптациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Өкүл 10 000ден ашуун чет элдик кызматкерлерди кабыл алуу боюнча компаниянын ийгиликтүү тажрыйбасы менен бөлүштү, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен бул багытта кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди. 

Борбордун директору Б.Э. Кудайбердиев өз кезегинде мындай кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эл аралык эмгек рыногунда кыргыз жарандары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган ишке орноштуруу программасын ийгиликтүү ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. 

Жолугушууконструктивдүү маанайда өтүп, тараптар диалогду улантуу жана жакынкы келечекте кызматташтыкты бекемдөө ниетин тастыкташты.