- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- 📢 2026-жылдын корей тилин билүү боюнча тестирлөөгө катышууну каалагандар үчүн маанилүү маалымат! /
📢 2026-жылдын корей тилин билүү боюнча тестирлөөгө катышууну каалагандар үчүн маанилүү маалымат!



КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Урматтуу жарандар, 2026-жылы өндүрүш тармагына EPS-TOPIK программасы (корей тили боюнча тест) боюнча катышууну каалагандар үчүн тестке катышуу акысы 12-февралдан 28-февралга чейин кабыл алынат.
Белгиленген мөөнөттөрдү эске алып, төлөмдү көрсөтүлгөн убакыт аралыгында гана жүргүзүүңүздөрдү суранабыз.
Төлөм суммасы: 28 АКШ доллары.
Кайда төлөнөт: Элдик Банктын (РСК Банк) филиалдарында.
БАНК РЕКВИЗИТТЕРИ
28 АКШ доллары (корей тили боюнча тестке катышуу үчүн):
Мекеменин аталышы: КР Финансы министрлигинин Борбордук казынасы
Банктын аталышы: ААК «РСК Банк» (Элдик банк)
Эсептик счет: 1299005030100020
БИК: 440001
Төлөм коду: 14233100
Төлөмдүн багыты: Лицевой счет: 4402051102002435 – корей тили боюнча тест үчүн (Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору үчүн)
Корей тили боюнча тестке онлайн-каттоо мөөнөтү: 2026-жылдын 23–27-февралы.
Онлайн-каттоо шилтемеси каттоо башталган күнү www.migrant.kg расмий сайтына жайгаштырылат.
МААНИЛҮҮ!
Экзамендер Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт.
Онлайн-анкетаны толтурганда тестти кайсы шаарда тапшыраарыңызды так тандаңыз.
Каттоо аяктагандан кийин тандалган тест тапшыруу жерин өзгөртүү мүмкүн эмес.
EPS-TOPIK экзамени 2026-жылдын 1–28-апрели аралыгында өткөрүлөт.