Улуу Британияда жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн маанилүү жарыя!

12 Июнь 2024
Улуу Британияда жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн маанилүү жарыя!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, Улуу Британияда Tier 5 Seasonal Workers Scheme Visa - Сезондук жумушчулар схемасы визасынын өзгөчө категориясы боюнча иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин, биз сиздерди Улуу Британияда жүрүүнүн бардык эрежелерин сактоого жана визанын мөөнөтү бүткөндөн кийин өз убагында мекениңерге кайтып келүүгө чакырабыз. 

 

Улуу Британиянын парламенти башпаанек сураган иммигранттарды Руандага жөнөтүү боюнча мыйзамды кабыл алды. Бул мыйзам, мыйзамсыз миграциянын алдын алууга жана потенциалдуу мыйзамсыз иммигранттарга бөгөт коюучу шарттарды түзүүгө багытталган.

 

Мүмкүн болгон терс кесепеттерди жана Руандага депортациялоону болтурбоо үчүн, Улуу Британиянын иммиграция мыйзамдарын жана эрежелерин так сактоо маанилүү. Визанын мөөнөтү бүткөн учурда, Кыргызстанга белгиленген убакта кайтып келүүңөр зарыл.

 

Мыйзамдарды сактоо чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн, мындан ары да пайдаланууга мүмкүндүк берет, ошондой эле сиздин коопсуздукту жана мыйзамсыз миграция менен байланышкан кыйынчылыктардан коргоону камсыздайт.

 

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз, кабыл алган өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактаңыз!