Көңүл буруңуздар! Реестрде катталган талапкерлер үчүн корей тилин акысыз онлайн окуп үйрөнүү мүмкүнчүлүгү (базада тургандар үчүн)!

28 Апрель 2025
Көңүл буруңуздар! Реестрде катталган талапкерлер үчүн корей тилин акысыз онлайн окуп үйрөнүү мүмкүнчүлүгү (базада тургандар үчүн)!

Эгерде сиз Корея Республикасынын Эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министрлигинин Бирдиктүү реестрине кирген талапкерлердин тизмесинде болсоңуз (тесттин бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн болсоңуз), анда сизде атайын платформа аркылуу корей тилин онлайн үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар!


📌 Эмне үчүн бул маанилүү? 
✔ Түздөн-түз ишке орношуу алдында тил деңгээлиңизди жакшыртуу.
✔ Негизги сөз айкаштарын жана кесиптик лексиканы үйрөнүү.
✔ Кореяда жашоого жана иштөөгө даярдануу.


🔎 Кантип кирүү мүмкүн?
Индивидуалдуу логин жана сырсөз алуу үчүн онлайн анкета толтуруу зарыл. Анкетада толук аты-жөнүңүздү (реестрдеги тизмедегидей) көрсөтүшүңүз керек.


🔗 АНКЕТА

ТИЗМЕ


📢 Маанилүү!
🔹 Платформага расмий тизмеде болгон талапкерлер гана кире алышат.
🔹Катышуучулардын аты-жөндөрүнүн тизмеси www.migrant.kg сайтында жарыяланган.
🔹 Эгер катышуу деңгээли төмөн болсо, бул мүмкүнчүлүк келечекте жеткиликсиз болуп калышы мүмкүн!


📌 Тезирээк катталыңыз! Курсларга катышуу деңгээли төмөн өлкөлөр үчүн мүмкүнчүлүк чектелиши мүмкүн.


📍 Катышуучулардын тизмеси жана анкета www.migrant.kg сайтындагы «Жаңылыктар» бөлүмүндө жеткиликтүү.


❗ Корей тилин акысыз үйрөнүп, Кореяда ийгиликтүү ишке орношууга даярданууга болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!