- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Көңүл буруңуз! Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн "көзөмөлдөгү адамдардын реестринен"текшере алышат! /
Көңүл буруңуз! Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн "көзөмөлдөгү адамдардын реестринен"текшере алышат!

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтында (https://мвд.рф) көзөмөлдөгү адамдардын реестрине кирүү мүмкүндүгү ачылгандыгын маалымдайт.
☑️ 📌 Реестрде өзү тууралуу маалыматтардын болуусун текшерүү үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
- https://мвд.рф сайтына кирүү.
- Сайттын жогорку оң бурчундагы «Реестр контролируемых лиц» бөлүмүнө кирүү.
- Инструкция по вводу данных деген бөлүмдөгү материалдар менен таанышуу.
- Поиск бөлүмүнө кирип, атайын форманы толтуруу:
✅ Сөзсүз толтурулуучу талаа:
- Фамилиясы, аты, атасынын аты (эгерде болсо) — кириллица же латын тамгасы менен.
- Туулган датасы.
- Өздүгүн тастыктаган документтин сериясы жана номери.
- Документтин берилген датасы.
🔍 Бул маалыматтарды киргизген соң «Искать» деген кнопканы басуу.
❗️Маанилүү!
Реестрге киргизилген адамдар миграциялык көзөмөлгө алынышат жана айрым чектөөлөргө дуушар болушат:
- Никени каттоого жана ажырашууну документтештирүүгө тыюу салынат;
- Балдарды бала бакчага же мектепке орноштурууга мүмкүнчүлүк берилбейт;
- Транспорттук каражаттарды башкарууга тыюу салынат;
- Мамлекеттик жана башка социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга чектөөлөр коюлат.
Эгерде реестрге киргизилген чет өлкөлүк жаран коблган чектөөлөрдү же тыюу салууларды эки же андан ашык жолу бузса Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги аны атайын мекемеге жайгаштыруу жана РФдан чыгарып жиберүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
⚠️ РФнын ИИМдин сайтындагы реестрге ал тууралуу маалыматтар жарыяланган учурдан тартып ал адам кабарланган болуп саналат.
📎Борбор эскертет: Ар бир адам өз статусун такай текшерип, кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарын так сактоосу керек. Белгиленген чектөөлөрдү бузуу олуттуу укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
🛑 Борбор РФда жүргөн КР жарандарына реестрдеги өзүнүн абалын текшерүүнү жана терс кесепеттерди болтурбоо үчүн укуктук статусун жөнгө салуу үчүн бардык тиешелүү чараларды көрүүнү сунуштайт.