КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Корея Республикасында иштөөгө багытталган тесттен өткөн жарандар үчүн медициналык кароодон өтүү жөнүндө маалымдоо

13 Май 2025
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Корея Республикасында иштөөгө багытталган тесттен өткөн жарандар үчүн медициналык кароодон өтүү жөнүндө маалымдоо

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору, корей тили боюнча тесттин бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн талапкерлер 2025-жылдын 14-17-майы аралыгында медициналык кароодон милдеттүү түрдө өтүшү керек экенин билдирет.
 

БИШКЕК ШААРЫ

  1. Флюорография:
    КММА медициналык борбору
    Дареги: Бишкек ш., Касым Тыныстанов көчөсү, 1 (https://go.2gis.com/CzwfW)
    2025-жылдын 14 майдан 17-майга чейинкабыл алуу убактысы саат 09:00дан 14:30га чейин. Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек.
  2. Медициналык анализдер, офтальмолог жана отоларинголог (ЛОР):
    "Unimed" медициналык борбору
    Дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыра көчөсү, 3в. (https://go.2gis.com/6aYKa
    2025-жылдын 15-майдан 17-майга чейин, кабыл алуу убактысы саат 08:30дан 13:00гө чейин. Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек.

⚠️ Анализдерди ачкарын абалда тапшыруу талап кылынат.

 

ОШ ШААРЫ

        1.Медициналык анализдер:
       "Aqua Lab" лабораториясы
         Дареги: Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 228 (https://go.2gis.com/3UYoD
        2025-жылдын 14-майдан 17-майга чейинкабыл алуу убактысы саат 07:30дан 15:00гө чейин.         Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек.

⚠️ Анализдерди ачкарын абалда кабыл алынат.

 

       2. Окулист жана ЛОР:
      Үй-бүлөлүк медицина борбору №12
       Дареги: Ош шаары, Абдыкадыров көчөсү, 9 (https://go.2gis.com/gfeOZ
      ЛОР – 4-каб., Офтальмолог – 22-каб.
      2025-жылдын 14-майдан 17-майга чейинкабыл алуу убактысы саат 08:30дан 15:00гө чейин.         Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек.

     3. Флюорография:
    Үй-бүлөлүк медицина борбору №10
     Дареги: Ош шаары, Аскар Шакиров көчөсү, 20 (https://go.2gis.com/LkQfx)
     2025-жылдын 14-майдан 17-майга чейинкабыл алуу убактысы саат 08:30дан 15:00гө чейин.        Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек.

 

‼️ Маанилүү! Медициналык текшерүүдөн так белгиленген күндөрдө — 2025-жылдын 14 майдан 17-майга чейин аралыгында өтүү талап кылынат. Ушул мөөнөттө медициналык кароодон өтүү — Корея Республикасында ишке орношуу боюнча талапкерлердин Реестрине кирүү үчүн зарыл шарт болуп саналат.

📥 Документтердин толук пакети кабыл алуу:

  • Бишкек шаары, Токтогул көч., 237 2025-жылдын 20-21-майына чейин 
  • Ош шаары,  Ленин көч., 221 2025-жылдын 22-23-майына чейин.

Кошумча маалымат алуу үчүн www.migrant.kg сайтына, расмий социалдык тармактардагы баракчаларга же төмөнкү номерге кайрылыңыз:
📞 0 (312) 650-251

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!