Көңүл буруңуздар! Борбор жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз агенттиктердин ишмердүүлүгү тууралу эскертет

04 Сентябрь 2025
Көңүл буруңуздар!  Борбор жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз агенттиктердин ишмердүүлүгү тууралу эскертет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жеке агенттиктердин ишмердигин мониторинг жүргүзүү учурунда «Эдукейшн плюс», «Lux Europe» жана «EVC визалык агенттик» сыяктуу субъекттердин Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө эмгекке орноштуруу боюнча уруксатсыз жана мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп келгендиги аныкталды.

Мыйзамсыз иш жүргүзгөн мындай агенттиктер эмгекке орноштурууну мыйзамда белгиленген тартипти сактабастан сунуштоо аркылуу жарандардын жашоосуна жана коопсуздугуна коркунуч жаратып, алдамчылык жолдорун да колдонушу мүмкүн.

Учурда аталган агенттиктер боюнча материалдар юридикалык баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Министрлик жарандарга сак болууга жана чет өлкөгө жумушка орношуу алдында агенттиктердин уруксатынын бар-жогун алдын ала текшерүүгө чакырат. Легалдуу агенттиктер тууралуу маалымат алуу үчүн кыргызстандыктар Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылып же migrant.kg сайтынан тааныша алышат.