- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Корей тили боюнча EPS-TOPIK тестине даярдаган окуу борборлору үчүн маанилүү билдирүү! /
Корей тили боюнча EPS-TOPIK тестине даярдаган окуу борборлору үчүн маанилүү билдирүү!

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын жарандарына корей тилин билүү боюнча EPS-TOPIK тестине даярдык көрүүгө окутуу жүргүзгөн окуу борборлорун Борбордун кызматкерлери жана Кыргызстандагы EPS борборунун директору Ким Ынжи айым менен жолугушууга чакырат.
Жолугушуунун максаты: окутуу жана тестирлөө процессинде жаралган көйгөйлөрдү аныктоо, талапкерлерди жана окуу борборлорун экзамен процессинде туура маалымдоо, корей тилин үйрөтүүнүн сапатын жакшыртуу жана окуу борборлору менен өз ара кызматташтыкты бекемдөө.
📌 Катышуу үчүн анкета толтуруу зарыл.
Каттоодон өткөндөн кийин жолугушуунун күнү жана өтө турган жери сиз көрсөткөн электрондук почта дарегиңизге жөнөтүлөт.
📞 Кошумча суроолор боюнча Борбордун төмөнкү номери аркылуу кайрылсаңыз болот: 0 (312) 650-251.