- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү маалымат /
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү маалымат




Россия Федерациясынын Президентинин Жарлыгына ылайык, РФнын аймагында жүрүү режимин сактабай жүргөн чет өлкөлүк жарандардын (анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын) укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү узартылды.
🔹Жаңы мөөнөт: 2025-жылдын 1-январынан 10-сентябрына чейин
(мурда белгиленген мөөнөт 2025-жылдын 30-апрелине чейин болчу).
📌 Бул сиз үчүн эмнени билдирет?
Эгерде сиз көзөмөлдөгү адамдардын реестрине кирип калган болсоңуз, анда өлкөдөн (Россиядан) чыкпастан эле Россияда жүрүүнү мыйзамдаштырсаңыз болот.
✅ Ал үчүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин төмөнкү кадамдарды жасоо керек:
- Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмүнө кайрылып, жүрүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз тапшыруу;
- Иш берүүчү тарабынан тастыкталган эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн берүү;
- Мындан тышкары:
- Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү жана сүрөткө түшүү;
- Медициналык кароодон өтүү;
- Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү төлөмдөр боюнча карызы болбоосу зарыл.
📍 Маанилүү: Арыз тапшырган учурда административдик айып салынат, бирок Россия Федерациясынан чыгаруу чарасы колдонулбайт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бардык жарандарга документтерин өз мөөнөтүндө даярдап, өзүнүн укуктук макамын тез арада мыйзамдаштырууну сунуштайт. Бул укуктук көйгөйлөрдүн алдын алат.
Мыйзамды сактагыла - өз коопсуздугуңарды коргогула!