Корея Республикасында EPS система боюнча иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн алууга арыз берүү мүмкүнчүлүгү ачылды

23 Май 2024
Корея Республикасында EPS система боюнча иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн алууга арыз берүү мүмкүнчүлүгү ачылды

Корея Республикасында EPS системасы боюнча расмий иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн албаган Кыргыз Республикасынын жарандары акча алууга арыз бере алышат.


 Кантип тапшырса болот:

Төмөнкү документтерди epscenterkg@gmail.com электрондук почта аркылуу жөнөтүү керек:

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (Загранпаспорт);
  2. Уюлдук телефон номери;
  3. Доллар эсеби жөнүндө маалымат:
  • банктын аталышы, эсеп номери, Swift номери,
  • же корей валютасындагы корей эсеби (Түштүк Корея вону): банктын аталышы, эсеп номери.

 

* Алынган сумма валюталардын курсуна жараша өзгөрүлүп турушу мүмкүн.

 

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн whatsapp +996 555 729 728 байланышсаңыздар болот.

 


ТИЗМЕ