"Борбордук Азиядагы коопсуз миграция" долбоорунун өнөктөштөрү менен жолугушуу

03 Июнь 2024
"Борбордук Азиядагы коопсуз миграция" долбоорунун өнөктөштөрү менен жолугушуу

2024-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунда USAID агенттиги колдоого алган жана Winrock International жүзөгө ашырган "Борбордук Азиядагы коопсуз миграция" долбоорунун өнөктөштөрү менен жолугушуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев Winrock International тарабынан жемиштүү кызматташуу жана колдоонун аркасында жетишилген ийгиликтердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал белгилегендей, 2024-жылдын январынан бери 1899-кызуу байланышы 26804 жаранга миграция маселелери боюнча консультациялык жардам көрсөткөн жана бул ресурска болгон талапты жана натыйжалуулукту тастыктаган көрсөткүч барган сайын өсүүдө. 

www.migrant.kg порталын жаңыртуунун аркасында ал компьютерлерде дагы, мобилдик түзмөктөрдө дагы колдонууга ыңгайлуу болуп калды. Бул заманбап маалыматка жетүүнү, "Кара тизмедеги" жеке маалыматты текшерүүнү, ошондой эле жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин лицензияларын текшерүүнү кыйла жеңилдетет. Кызматташтыктын алкагында migrant.kg мобилдик тиркемеси иштелип чыкты жана ишке киргизилди. 

Winrock International өкүлдөрү кызматташуунун учурдагы деңгээлине канааттангандыгын билдирип, долбоорду ишке ашыруунун ийгилиги Борбордун кызматкерлеринин натыйжалуу ишинен көз каранды экендигин белгилешти. Жолугушуу достук жана өз ара пайдалуу жагдайда өттү. Жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана бекемдөө зарылдыгын тастыкташты.

Winrock International долбоору эмгек шарттарын жана миграция саясатын жакшыртууга багытталган көптөгөн демилгелерди колдойт жана ийгиликтүү ишке ашырат.