- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Кыргыз жарандарынын Японияда окуу жана ишке орношуу маселелери боюнча Anabuki Gakuen жана Moeginokai өкүлдөрү менен жолугушуу /
Кыргыз жарандарынын Японияда окуу жана ишке орношуу маселелери боюнча Anabuki Gakuen жана Moeginokai өкүлдөрү менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандары чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда (мындан ары — Борбор) Борбор жетекчилигинин Япониянын Anabuki Gakuen мектептик корпорациясынын жана Moeginokai социалдык камсыздоо корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуу учурунда жапон тарап Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан студенттерди кабыл алуу боюнча пландаштырылып жаткан ишмердүүлүктүн алкагында Anabuki Gakuen тобунун иши тууралуу расмий маалымат берди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Японияда билим алуу жана ишке орношуу боюнча муктаждыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо максатында рынокту изилдөө маселелери талкууланды.
Борбордун директору Б.Э. Кудайбердиев Кыргыз Республикасынын жарандарынын комплекстүү даярдыгы — кесиптик билим берүү жана тил үйрөтүү — негизги мааниге ээ экенин баса белгилеп, кыргызстандык адистерди татыктуу эмгек шарттары, камсыздандыруу системасына жана укуктук колдоого жеткиликтүүлүк менен камсыз кылуунун зарылдыгын белгиледи.
Жапон тарап эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, япон тилин үйрөнүп жаткан кыргыз жарандарынын даярдык деңгээлин жогору баалап, алардын Японияда ийгиликтүү адаптацияланып, кесиптик ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууда чоң потенциалы бар экенин белгиледи.
Борбордун директору Кыргыз Республикасынын жарандарына ишке орноштуруунун бардык этаптарында — тандоодон тартып Япониянын эмгек базарында иш баштоого чейин — ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.
Өзгөчө көңүл Кыргызстанда биргелешкен социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүнө, анын ичинде социалдык кызмат көрсөтүү системаларын өнүктүрүүгө жана медицина менен санариптик технологиялар тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатууга бурулду.
Сапардын алкагында Борбор жетекчилиги жана жапон делегациясы Кыргыз Республикасынын Президентинин караштуу № 99 Кесиптик маалыматтык технологиялар лицейине барып, окуу жайдын билим берүү базасы менен таанышып, япон тилин окутууну уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну бекемдөө ниетин ырастады жана эки тараптуу байланышты өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө болору белгиленди.





