- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды Туркияга ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишти жүргүзүү фактысы аныкталды /
Жарандарды Туркияга ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишти жүргүзүү фактысы аныкталды
2025-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркияда ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иштердиге бөгөт коюлду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандарды бош орундарга тандоо этаптарын жүргүзгөн бир нече жарандын Ош шаарында юридикалык каттоосу жок экени аныкталды.
Иш-аракеттерге катышкан уюштуруучуга карата административдик укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, 55 000 сом өлчөмүндө айыппул салынды. Чет мамлекеттин жаранына карата да административдик протокол түзүлүп, 5 500 сом айыппул белгиленди.
Кыргыз Республикасынын жарандарына Борбор чет өлкөдө ишке орноштурууну сунуштаган компаниялардын жана жеке жактардын тиешелүү уруксат кагаздарынын бар-жогун сөзсүз текшерүүнү сунуштайт.
Агенттиктин мыйзамдуу иш жүргүзүп жатканын http://migrant.kg расмий сайтынын «ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУЧУ ЖЕКЕ АГЕНТТИКТЕР» бөлүмүнөн тактоого болот.




