Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына катышуу үчүн онлайн каттоо аяктады

22 Май 2025
Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына катышуу үчүн онлайн каттоо аяктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына «HOPS» оператору аркылуу катышуу үчүн талапкерлерди онлайн каттоо расмий түрдө аяктаганын маалымдайт.

Бул программага катышуу үчүн жалпы 36 187 талапкер каттоодон өттү.

Тандоонун биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге эки иш күнү ичинде электрондук почта аркылуу тастыктама кат жөнөтүлөт.

Кийинки этап — орус тилин билүү боюнча онлайн-тест, ал 2025-жылдын 26–27-май күндөрү өткөрүлөт. Тесттен өтүү үчүн шилтеме талапкерлерге кошумча түрдө электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.

Маанилүү маалыматтарды өткөрүп жибербөө үчүн, электрондук каттарды, анын ичинде «Спам» папкасын кылдаттык менен текшерип турууну өтүнөбүз.

Борбор бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, тандоонун кийинки этабында ийгиликтерди каалайт.