- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- «Коопсуз миграция кербени» Баткен, Манас жана Ош шаарларында жыйынтыкталды /
«Коопсуз миграция кербени» Баткен, Манас жана Ош шаарларында жыйынтыкталды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору «Solidarity» борборунун колдоосу астында Баткен, Манас жана Ош шаарларынын тургундары менен «Коопсуз миграция кербени» демилгесинин алкагында көчмө жолугушууларды өткөрдү.
Иш-чаралардын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын аймактарындагы калктын жөнгө салынбаган миграциянын тобокелдиктери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле чет өлкөдө коопсуз жана мыйзамдуу ишке орношуу принциптери боюнча маалымат берүү болду. Жолугушуулардын жүрүшүндө Борбордун адистери расмий ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу актуалдуу маалымат берип, чет өлкөгө чыгуу тартибин түшүндүрүп, жарандардын суроолоруна жооп беришти.
Иш-чаранын катышуучуларына жеке консультацияр берилип, жарандар өздөрүн кызыктырган суроолор боюнча ыкчам жана такталган жоопторду алышты.
«Коопсуз миграция кербенинин» жыйынтыктоочу этабы М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде өткөрүлүп, студенттер менен шаар тургундарынын жигердүү катышуусунда өттү. Бул аянтча чет өлкөдө коопсуз жана мыйзамдуу ишке орношууга кызыккан жаштар менен маанилүү диалог жүргүзүү үчүн өзгөчө мааниге ээ болду.
Борбор жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана коопсуз эмгек миграция маданиятын өнүктүрүүгө багытталган маалыматтык иштерди мындан ары да улантат.



