Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Жалал-Абад облусунда Коопсуз миграция кербенин өткөрдү

16 Сентябрь 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Жалал-Абад облусунда Коопсуз миграция кербенин өткөрдү

2025-жылдын 8-12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Жалал-Абад облусунда Эл аралык миграция саясатын өнүктүрүү борборунун (ICMPD) колдоосу астында уюштурулган Коопсуз миграция кербенинин алкагында бир катар маалыматтык-агартуу иш-чараларын өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Борбордун кызматкерлери жарандарга төмөнкүлөр боюнча кеңири маалымат беришти:

  • мигранттар үчүн иштелип чыккан «АМИНА» мобилдик тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү жана функциялары жөнүндө;
  • жумушка орношуу тармагындагы алдамчылыктан коргонуу чаралары тууралуу;
  • Түштүк Корея, Улуу Британия, Германия, Венгрия жана башка Европа өлкөлөрүндөгү актуалдуу бош орундар жөнүндө;
  • лицензиясы бар жеке жумушка орноштуруу агенттиктери аркылуу жумушка орношуу тартиби боюнча.

Жарандардын коопсуз миграция маселелерине жана укуктук сабаттуулугуна өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чарага катышкандар Борбордун адистеринен жеке кеңештерди алышып, чет өлкөдө легалдуу жумушка орношуу механизмдери тууралуу маалыматтык материалдарга ээ болушту.

Мындай иш-чаралар мыйзамсыз миграциянын коркунучтарын азайтууга, жарандардын маалымдуулугун жогорулатууга жана коопсуз жумушка орношуу маданиятын калыптандырууга багытталган. 

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору мындан ары да маалыматтык кампанияларды кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдөгү укуктарын коргоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантат.