- Негизги бет /
- Кызматтар /
- Өлкөлөр /
- Япония
Япония
Япония
Пайдалуу маалыматтар
Японияда жаратылыш кырсыктарына даярдык боюнча сунуштар.
Өзгөчө кырдаалдар учурунда керектелүүчү иш-аракеттер
Япония архипелагынын баардык аралдары жогорку сейсмикалык зоналарынын үстүндө жайгашкандыгына байланыштуу, Япониянын аймагы дүйнөдөгү сейсмикалык активдүү жерлердин бири болуп саналат жана ар дайым өлүмгө дуушар алып келген жер титирөөлөр жана куюндар коркунучтары менен кабылып турат. Жыл сайын миңге жакын күчтүү жер титирөөлөр болуп турат. Ар кандай күчтөгү жер титирөөлөр кезек кезеги менен Япониянын бүткүл аралдарында болуп турганын эске алуу менен, Токио жергесинде жана Япониянын башка жерлеринде жер титирөөлөрдүн негизинде оор абалдагы талкалоолордун жана кыйроолордун болушу өтө жогору болуп эсептелет. Мындай жер титирөөлөрдүн кесепеттери, кырсыктын күнүнө жана жыл мезгилине жараша абдан айырмаланат. Ошондуктан, чоң кыйроого алып келе турган жер титирөөнүн качан жана кайсыл жерде болорун так ишенимдүүлүк менен болжолдоого мүмкүн эмес. Япониядагы катуу жер титирөөнүн натыйжасында күчтүү цунами жана сел болушу ыктымал.
Сиз жана сиздин үй-бүлөңүздүн мүчөлөрү жер титирөөнүн кесепеттерине жакшы даяр болушу зарыл. Ар бир үй-бүлө өзгөчө кырдаалдар учурундагы керектелүүчү иш-аракеттердин планын даярдап чыгуу зарыл. Үй-бүлөңүздүн баардык мүчөлөрү өзгөчө кырдаалдар учурундагы коопсуздук чаралары менен тааныш экендигин алдын ала тактоо керек. Өзүӊүз жашаган мамлекеттик аймактын өзгөчө кырдаалдар учурунда адам өзүн кандай алып жүрүшү керектиги тууралуу планы менен өтө кылдат түрдө таанышып алуу дагы зарыл.
Табигый кырсыкка жакшы даярдануу боюнча маалыматтарды окуп, таанышып алыңыз.
Элчиликтин ролу. Япония өкмөтү дароо эле жер титирөөдөн кийин чет өлкөлүк жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн дагы жооптуу болот. Телефон аркылуу байланыш оордука учурайт, ошондуктан Япония өкмөтү артыкчылыктуу колдонуучулар үчүн сүйлөшүүлөрдү пайдалануу максатында байланышты чектөө кылууга мажбур болот. Бирок, Элчилик жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында алар менен байланыш түзүп, жайгашкан жерин аныктоо үчүн бардык күч-аракеттерин жасайт.
Бул маселеге жардам катары, япон бийлик органдарынын күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан жерлерден жарандарды алып чыгаруу (эвакуация) процессине кызматташууңуз керек. Эгерде Сиз утурку милдетиңизге байланыштуу жогорку окуу жайы, мектептер жана компаниялар сыяктуу ири уюмдарга тиешеңиз болсо, чоң табигый кырсык болор замат, бул уюмдар менен байланышууга жана өзүңүздүн жайгашкан ордуңуз жөнүндө маалымат берүүгө аракет кылышыңыз керек.
Элчилик өз тарабынан, КРнын жарандарынын жайгашкан жерин жана коопсуздугун аныктоо максатында, Япониянын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү бийлик органдары, префектура жана шаарлардын администрацилары менен тыгыз байланышта болот. Эгерде кадимки телефон же болбосо уюлдук телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болбогон учурда, Элчиликтин консулдук кызматкерлери мекендештер жөнүндө маалыматтарды чогултуу максатында, жарандардын негизги топтолуучу жерлери (эвакуациялык жайлар) - эл аралык мектептерге, мейманканаларга ж.б. баруу үчүн даяр. Элчилик утурку кырдаал тууралуу маалымат алууга жардам берет, жагдайга жараша зарыл болсо, Япониянын бийлигинин өкүлдөрү менен байланышып, жарандарга тамак-аш, турак-жай жана медициналык жардам алууга көмөк көрсөтөт.
Элчилик мекендештердин абалы тууралуу топтолгон маалыматтарды КРнын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментине берип турат. Ал маалымат андан ары Сиздердин үй-бүлөңүздөргө, досторуңуздарга, Сиздерди Японияга жөнөткөн уюмдарга өткөрүлүп берилет.
Маанилүү. Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги Японияда жашаган бардык мекендештерди элчиликтин консулдук бөлүмүнүндө консулдук каттоодон алдын ала өтүү мүмкүнчүлүгүн четке какпоого чакырат. Консулдук каттоодон өтүү менен жарандар табигый кырсыктар жана башка техногендик кырсыктар келип чыккан учурда, өздөрүнүн коопсуздугун алдын ала камсыздоого көмөк көрсөтүшөт. Жарандар өздөрүнүн Японияда жашаган дарегин же болбосо башка жеке маалыматтарды (телефон номерлери, электрондук почтанын даректери ж.б.), ошондой эле зарыл болгон учурда кайрылуу максатында башка жакын/тааныш адамдардын байланыш маалыматтарын Элчиликке маалымдоо менен, өзгөчө кырдаалдар учурунда Элчиликтин кызматкерлери Сиздерди зарыл болгон жардам менен камсыз кылуу үчүн ыкчам иш-аракеттерди кылууга чоң жөндөмчүлүк түзүп беришет.
Биз менен байланышуу тууралу маалымат.
Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги
1-5-7 Mita, Minato-ku, Tokyo 108-0073
Тел.: 03-6453-8277
Факс: 03-6453-8279
Консулдун уюлдук телефон номери: 090-1250-0999
Электрондук почтанын дареги: krembassyjp@gmail.com
Жакынкы бекеттер: (Токио Metro) Azabujuban станциясы (6 мүнөт жөө басуу), Akabanebashi бекети (4 мүнөт жөө басуу).
Жер титирөө болгон учурдагы сунуштар
- Өзгөчө кырдаалдар болуп калышына ар дайым даяр болуу, кырсык болгон учурда паникага түшбөө.
- Өзгөчө кырдаалдарда жанды сактап калыш үчүн керектелүүчү нерселерди (алагачкы жардам буюмдары) алдын ала даярдап алуу.
- Япониянын префектураларынын, шаарларынын ар бир райондорунда ири жер титирөө болгон учурда, тез арада качып кирип, жашынып жан сактоого ылайыктанган эвакуциялык жайлар бар. Ошондуктан сиз жашаган райондун кайсыл жеринде жан сактоо жайлары бар экендигин тактап, жайгашкан жерди эске тутуп, өзгөчө кырдаалдар учурунда тез арада ал жерге кантип багыт алууну алдын-ала пландоо зарыл.
- Өзгөчө кырдаалдар учурунда тез медициналык жана башка жардамдарды чакыруу үчүн, ошондой эле тамак-аш, суу жана турак-жай боюнча маалыматтарды издөө үчүн, жапон жана англис тилдеринде керектүү сөздөрдү жана сөз айкаштарын алдын ала үйрөнүп алуу.
- Кырсык аймагындагы баардык тургундар үчүн, Япониянын өкмөттүк кызматтары тарабынан даары-дармектер, тамак-аш, суу жана убактылуу баш калкалоочу жай сыяктуу биринчи зарыл болгон жардам берилет. Атайын гана чет өлкөлүк жарандарга ылайыктанган убактылуу баш калкалоочу жайлар болбойт. Ошондуктан Япония аралынын ар тараптарында абдан күчтүү жер титирөө болгон учурда, Элчилик өз өлкөсүнүн жарандарын атайын жабдыктар менен камсыздоо жана эвакуациялоого мүмкүнчүлүгү келбей калышы ыктымал.
Алдын ала кабарлоо системасы
Япониянын Метеорологиялык агенттиги жашоочуларды боло турган жер титирөө боюнча маалымат менен алдын ала камсыз кылат. Жер титирөөнүн биринчи жеңил силкинүүсүнөн кийин эскертүү маалыматтары дароо эле жарыяланып башталат. Мунун максаты боло турган катуу жер титирөөнүн алдында, тургундар өздөрүнүн коопсуздугунун камын көрүп алышы үчүн убакыт менен камсыздоо болуп эсептелет. Аталган эскертүүлөр так болгон учурда, жарандарга даярдануу үчүн бир нече мүнөттөн тартып бир нече саатка чейин гана убакыт берилерин эске алуу зарыл. Даярдануу абдан маанилүү болуп саналат. Жер титирөөнүн алдын ала эскертүү системасынын маалыматтары теле-радио байланыш каражаттары жана уюлдук телефон аркылуу жиберилет (телефонго үн сигналын жиберүү). Бирок, жалпыга белгилүү болгондой, жер титирөөлөрдү, анын ичинен ири кыйроого алып келе турган жер титирөөлөрдү, алдын ала айтууга мүмкүн эмес, жана алар күтпөгөн убакытта жана жерлерде болушат.
Контролдук тизме.
Өзгөчө кырдаалдардын учурунда керектелүүчү нерселер, кол жеткен жерде сакташ керек (үч-беш күнгө жетишкендей)
- паспорттор жана өздүктү тастыктаган негизги документтер (жана алардын көчүрмөлөрү).
- суу (бир адамга бир күнгө төрт литр). Сууну ар бир үч-беш айда жаңылап туруу.
- тамак-аш азыктары (консервалар же алдын ала бышырылган тамак-аш, бышырууну же болосо сууну талап кылбаган тамак-аш азыктары).
- фонарик бир нече кошумча батарейкалары менен.
- кошумча батарейкалары менен көтөрүп жүрө ала турган радио.
- ири полиэтилен баштыктар (таштандыларды жана калдыктарды салууга, сууну сактоого, жууркан).
- кол жууган самын/ же суу талап кылбаган гел түрүндөгү кол зыянсыздандыруулар.
- гигиена буюмдары, кичине балдардын буюмдары, даарат кагаздары.
- адатта колдонуучу даары-дармектер жана көз айнек (линза менен колдонуучуларга).
- кагаз тарелкалар, стакандар, пластикалык идиш-аяктар, тамак даярдаганга фольга кагазы, полиэтилен пленкасы жана кагаз сүлгүлөр.
- түшүндөрмөсү менен аптечка.
- майда номиналдагы йендер (кырсыктан кийин банкоматтар иштебей калышы мүмкүн), коомдук телефон аппаратарын колдонуу үчүн монеталар жана телефондук карточкалар.
-үйдүн ичинде жер титирөөнүн кесепетинен кулап түшкөн буюмдардан талкаланып, жоголгонго азыраак ыктымал болгон жерлерде уюлдук телефондорду сактоо.
Кырсыктарга даярдык боюнча негизги иш-сунуштар.
-эшик-терезелердин жана сыртка чыгуу жерлердин жайгашкан жери, ошондой эле өрт коопсуздугунун буюмдарынын турган жери так көрсөтүлгөн үйдүн планын даярдап алуу.
- эвакуация учурунда үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрү чогула алган жайды тактап, камсыз кылуу.
- эгерде үй-бүлө мүчөлөрү үйдө жок болгон учурда кырсык боло турган болжолду эске алуу менен, сырт жактан альтернативдүү үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрү чогула турган жай ордун камсыздоо, мисалы, жашган райондун эвакуациялык жайлары, жакынкы кошунанын үйү, парктар, мектептер ж.б.
- байланыш үзгүлтүккө учураган учурда, үй-бүлө мүчөлөрү менен жүрүм-турум жана бириккен иш-аракеттер тууралуу макулдашуу. Айрыкча, кичине балдардын жүрүм-туруму маанилүү. Уюлдук телефондорду зарядкалап алуу.
- туруктуу жайгашкан жердин эвакуциялык планы менен таанышуу (кызмат жериңиз, окуу жай, балдарыңыз билим алган мектеп).
- кошуналар менен таанышуу, жана үй-бүлө мүчөлөрүн алар менен тааныштыруу.
- жашаган, иштеген жерлердин жакын аралыгында жайгашкан чоң парктарды жана жарандарды эвакуация кылууга максатталган жайларды изилдеп, тактап алуу.
- паспорттордун жана башка негизги документтердин көчүрмөлөрүн үйдөн тышкары башка кошумча жерлерде сактоо (мисалы, кызмат жеринде).
- сиздин аймактагы жайгашкан полиция, медициналык, от жана куткаруу кызматтары менен кантип байланышууну тактап алуу. Өзгөчө кырдаалдардын учурунда тез медициналык жана башка жардамдарды чакыруу үчүн, япон жана англис тилдеринде керектүү сөздөрдү жана сөз айкаштарын алдын ала үйрөнүп алуу.
- туугандарга, досторго/тааныштарга же болбосо Элчиликке кайрылып, өзүңүздүн абал жөнүндө маалымдоо.
- сиз аймактагы эвакуациялык жайларда иче турган суу, азык-түлүк жана даары-дармектер менен камсыз боло аласыз.
- ошондой эле, интернеттин ылдыйкы шилтеме аркылуу Токио метрополитенинин өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалыматтары менен дагы таанышып алыңыз:
http://www.bousai.metro.tokyo.jp/foreign/english/taisaku/index.html
Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта ишке орноштуруу тартиби
Японияда
Азыркы учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Японияда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта тандоо боюнча иш жүргүзбөйт.
Муну менен бирге төмөндө сиз Кыргыз Республикасынын жарандарын Японияда ишке орноштуруу укугуна уруксаты бар иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктердин тизмеси менен тааныша аласыз.
Жумуш берүүчүлөр
| № | Название организации | Основана | Всего трудоустроенных |
|---|---|---|---|
| 1 |
ОсОО "Марсель-Е Компани"
|
2023 | |
ОсОО "Марсель-Е Компани" — Подробная информацияОсновная информацияОписание: Трудоустройство граждан Кыргызской Республики в Болгарии, Польше и Турции Адрес: ул. Раззакова 22 , г. Бишкек , Чуй Телефоны: 0550512518 Email: marsel-ecompany@mail.ru Направления деятельности |
|||
| 2 |
"Трудовое агентство Каухар"
|
2024 | |
"Трудовое агентство Каухар" — Подробная информацияОсновная информацияОписание: Общество с ограниченной ответственности Адрес: улица Чолпонбая д. №14 , Таласская обл., Кара-Бууринский рн., с.Кызыл-Адыр , Таласская обл. Телефоны: +996770499781 Email: tsukihanako@mail.ru Направления деятельностиСтрана: Жапония Направление: № разрешения: 1481 Срок действия: 15.11.2024 - 30.09.2027 Трудоустроено: Партнёры: — |
|||
| 3 |
ДЖАПАН БРИДЖ
|
2023 | |
ДЖАПАН БРИДЖ — Подробная информацияОсновная информацияОписание: Трудоустройство в Японию. Свидетельство №182965-3300-ООО Адрес: ул.Усенбаева 2 , Бишкек , Чуйская область Телефоны: 0705243377 Email: khakimov-52@mail.ru Направления деятельностиСтрана: Жапония Направление: № разрешения: 1446 Срок действия: 05.11.2024 - 29.10.2027 Трудоустроено: Партнёры: — |
|||
| 4 |
Ирей
|
2024 | |
Ирей — Подробная информацияОсновная информацияОписание: Агентство по трудоустройству Адрес: Уметалиева 27 кв 44 , Бишкек , Чуй Телефоны: 0709628038 Email: nuriya2003@mail.ru Направления деятельностиСтрана: Жапония Направление: № разрешения: 1582 Срок действия: 27.05.2025 - 13.05.2026 Трудоустроено: Партнёры: — |
|||
| 5 |
Левел Ап инвест
|
2024 | |
Левел Ап инвест — Подробная информацияОсновная информацияОписание: Учредитель - генеральный директор Усенов Б. М. Адрес: Ул. Абдумомунова 240-28 , Бишкек , Чуй Телефоны: 0551277511 Email: levelupinvestkg@gmaol.com Направления деятельностиСтрана: Жапония Направление: № разрешения: 1594 Срок действия: 05.06.2025 - 17.04.2026 Трудоустроено: Партнёры: — |
|||
| 6 |
Test
|
2025 | |
Test — Подробная информацияОсновная информацияОписание: asdasd Адрес: фывфывфы , Бишкек , Чуй Телефоны: 997500123321 Email: asdsa@gmail.com РуководствоДиректор: Тест Направления деятельностиСтрана: Жапония Направление: № разрешения: 12332112 Срок действия: 01.09.2025 - 31.12.2025 Трудоустроено: Партнёры: Test Зарплата: от 10000 Test Стоимость услуги: от 10000 Test |
|||
| 7 |
ОсОО "Европиан Групп Имплоймент"
|
2023 | |
ОсОО "Европиан Групп Имплоймент" — Подробная информацияОсновная информацияОписание: Трудоустройство заграницей: Литовская Республика, Япония Адрес: Бизнес центр "Дордой Плаза", ул. Ибраимова, 115/3, каб. 302 , Бишкек , Чуйская область Телефоны: 0558373715; 0554116118 Email: aidamam@gmail.com Направления деятельности |
|||
| 8 |
Джапан Стайл Тренинг Центр
|
2023 | |
Джапан Стайл Тренинг Центр — Подробная информацияОсновная информацияОписание: Трудоустройство в Японии Адрес: г. Бишкек, ул. Раззакова 51, КГУ им. И. Арабаева 4 корпус, 1 этаж , Бишкек , Бишкек Телефоны: 0708743839 Email: japanstyle2.kg@gmail.com Направления деятельностиСтрана: Жапония Направление: № разрешения: 1388 Срок действия: 05.09.2024 - 03.09.2027 Трудоустроено: Партнёры: — |
|||
| 9 |
ДЖАПАН БРИДЖ
|
2023 | |
ДЖАПАН БРИДЖ — Подробная информацияОсновная информацияОписание: Трудоустройство в Японию. Свидетельство №182965-3300-ООО Адрес: ул.Усенбаева 2 , Бишкек , Чуйская область Телефоны: 0705243377 Email: khakimov-52@mail.ru Направления деятельностиСтрана: Жапония Направление: № разрешения: 1446 Срок действия: 05.11.2024 - 29.10.2027 Трудоустроено: Партнёры: — |
|||
| 10 |
ОсОО "Европиан Групп Имплоймент"
|
2023 | |
ОсОО "Европиан Групп Имплоймент" — Подробная информацияОсновная информацияОписание: Трудоустройство заграницей: Литовская Республика, Япония Адрес: Бизнес центр "Дордой Плаза", ул. Ибраимова, 115/3, каб. 302 , Бишкек , Чуйская область Телефоны: 0558373715; 0554116118 Email: aidamam@gmail.com Направления деятельности |
|||
| 11 |
Джапан Стайл Тренинг Центр
|
2023 | |
Джапан Стайл Тренинг Центр — Подробная информацияОсновная информацияОписание: Трудоустройство в Японии Адрес: г. Бишкек, ул. Раззакова 51, КГУ им. И. Арабаева 4 корпус, 1 этаж , Бишкек , Бишкек Телефоны: 0708743839 Email: japanstyle2.kg@gmail.com Направления деятельностиСтрана: Жапония Направление: № разрешения: 1388 Срок действия: 05.09.2024 - 03.09.2027 Трудоустроено: Партнёры: — |
|||
| 12 |
"Трудовое агентство Каухар"
|
2024 | |
"Трудовое агентство Каухар" — Подробная информацияОсновная информацияОписание: Общество с ограниченной ответственности Адрес: улица Чолпонбая д. №14 , Таласская обл., Кара-Бууринский рн., с.Кызыл-Адыр , Таласская обл. Телефоны: +996770499781 Email: tsukihanako@mail.ru Направления деятельностиСтрана: Жапония Направление: № разрешения: 1481 Срок действия: 15.11.2024 - 30.09.2027 Трудоустроено: Партнёры: — |
|||
| 13 |
ОсОО "Юник Азия"
|
2023 | |
ОсОО "Юник Азия" — Подробная информацияОсновная информацияОписание: Частное агентство по трудоустройству, Туристическое агентство, Обучающий центр по языкам и туристическим направлениям Адрес: улица Московская 164 , Бишкек , Чуйская область Телефоны: +996551300017 Email: uniqueasiakg@gmail.com Направления деятельности |
|||
| 14 |
Левел Ап инвест
|
2024 | |
Левел Ап инвест — Подробная информацияОсновная информацияОписание: Учредитель - генеральный директор Усенов Б. М. Адрес: Ул. Абдумомунова 240-28 , Бишкек , Чуй Телефоны: 0551277511 Email: levelupinvestkg@gmaol.com Направления деятельностиСтрана: Жапония Направление: № разрешения: 1594 Срок действия: 05.06.2025 - 17.04.2026 Трудоустроено: Партнёры: — |
|||
| 15 |
Ирей
|
2024 | |
Ирей — Подробная информацияОсновная информацияОписание: Агентство по трудоустройству Адрес: Уметалиева 27 кв 44 , Бишкек , Чуй Телефоны: 0709628038 Email: nuriya2003@mail.ru Направления деятельностиСтрана: Жапония Направление: № разрешения: 1582 Срок действия: 27.05.2025 - 13.05.2026 Трудоустроено: Партнёры: — |
|||