- Негизги бет /
- Кызматтар /
- Өлкөлөр /
- Түркия Республикасы
Түркия Республикасы
Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасына уюшкандыкта ишке орноштуруу тартиби
Пайдалуу Маалыматтар
Кирүү/чыгуу тартиби, болууга жана транзиттик өтүүгө карата талаптар
Виза маселелери:
2012-жылдын 10-февралынан тартып Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы 2011-жылдын 26-апрелиндеги жарандардын өз ара саякаттары жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирди, ага ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары Түркиянын аймагында 90 күндөн ашык эмес 180 күн жүрө алышат.
Түркияга турист катары келген жана Түркияда 90 күндөн ашык калууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары 90 күн өткөнгө чейин ТР ИИМнин миграция иштери боюнча башкы дирекциясына 6 айга же бир жылга чейинки мөөнөткө жашап турууга уруксат алуу үчүн кайрылуусу зарыл.
Өлкөгө кирүүдө паспорттун жарактуулук мөөнөтүнө карата талаптар
Түркияга баруу үчүн жарактуу жалпы жарандык (чет элдик) паспортуңуз болушу керек. Паспорттун жарактуулук мөөнөтү Түркияга келгенден баштап 180 күн болушу керек.
Бажы контролу:
Төлөмсүз тамеки буюмдарына (2 блок тамеки же 50 сигара, же болбосо 200 грамм өлчөмдөгү тамеки) жана спирт ичимдиктери (1 литр - арак же коньяк; 2 литр - вино) алып келүүгө уруксат берилет.
Түркиянын аймагынан чыкканда алтындан жасалган буюмдар, килемдер жана техникалык приборлор бажы декларациясына киргизилиши керек.
Алып кирүүгө жана алып чыгууга тыюу салынган буюмдар:
Тамак-аш азыктары, парфюмерия жана косметика жеке керектүү ченемдердин чегинде алынып келинет. Түркияга ар кандай баңги заттары бар дары-дармек препараттарын, антиквариаттарды, баңги заттарды жана курал-жарактарды алып келүүгө тыюу салынат.
Түркиянын аймагынан чыкканда алтындан жасалган буюмдар, килемдер жана ошол приборлор бажы декларациясына киргизилиши керек.
Болуу маселелери боюнча өлкөнүн мыйзамдары
чет өлкөлүк жарандардын жүрүм-турум нормалары жана:
Чет өлкөлүк жарандарды каттоонун тартиби жана жол-жобосу:
Түркияга туристтик максатта виза менен же визасыз режимдин алкагында кирген чет жарандар, коюлган талаптарга жооп берген шартта, жашап турууга уруксат ала алышат. Ал үчүн визанын мөөнөтү же визасыз болуу мөөнөтү аяктаганга чейин аңгемелешүү күнүн алуу үчүн ТРнын ИИМнин алдындагы иммиграция маселелери боюнча башкы башкармалыгына кайрылып, аңгемелешүү күнүнө чейин бардык зарыл документтерди даярдоо зарыл:
- жашап турууга уруксат алуу/узартууга арыз;
- сүрөттөр;
- чет элдик паспорт;
- паспорттун биринчи бетинин көчүрмөсү, ошондой эле Түркияга акыркы кирген күнү көрсөтүлгөн мөөр басылган барак;
- Түркияда алынган медициналык камсыздандыруу;
- жашаган дарегин тастыктаган документ.
Чет өлкөлүк жарандарды ишке орноштуруу тартиби жана жол-жобосу:
Түркиядан тышкары жашаган чет элдиктер жумушка уруксат алуу үчүн жашаган өлкөсүндөгү Түркиянын өкүлчүлүктөрү аркылуу кайрыла алышат. Учурдагы мыйзамдарга ылайык, жумушка жарактуу уруксаттын болушу аны жашоого уруксат катары колдонууга мүмкүндүк берет.
Түркияда иштөөгө уруксат алуу үчүн арыз берүү процедурасы төмөнкүдөй:
- жумушчу өз өлкөсүндөгү Түркиянын элчилигине арыз берет;
- Түркия элчилиги реферанс номерин берет;
- иш берүүчү 10 жумушчу күндүн ичинде керектүү жумушка уруксат документтерин тапшырышы керек реферанс номердин негизинде;
- ТРнын үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министрлиги арызды 30 жумушчу күндүн ичинде карап чыгып, Түркия элчилигине маалымдайт;
- ТРнын үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар Министрлиги жумушка орношуу өтүнүчүн жактырары менен, чет өлкөлүк жаран Түркиянын элчилигине жумушчу визасын алуу үчүн паспортун тапшырышы керек.
Кошумча маалымат
Шашылыш телефондор жана байланыштар:
- тез жардам-112;
- полиция кызматы-155;
– өрт өчүрүү кызматы-110;
- жол полициясы – 154.
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилигинен маалымат алынды
Консулдук бөлүм
Turan Gunes Bulvari, Ali Erdem caddesi 25, Yildiz/Oran, Ankara 06550
Байланыш: +90 312 491 35 06
Байланыш: +90 312 491 35 13
Электрондук почта: kgembassy.tr@mfa.gov.kg
Консулдук бөлүмдүн иш графиги:
Дүйшөмбү-Жума
Саат 9:00дөн 16:00гө чейин
Түшкү тыныгуу саат 13:00дөн 14:00гө чейин
Жеке суроолор боюнча Түркиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуу графиги:
Кабыл алуу күндөрү: жума
Коомдук медиа
Facebook: Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги
Twitter: @KgEmbassyAnkara
Instagram: kgembassyankara
Азыркы учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түркия Республикасына эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта тандоо боюнча иш жүргүзбөйт.
Муну менен бирге төмөндө сиз Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасына ишке орноштуруу укугуна уруксаты бар иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктердин тизмеси менен тааныша аласыз.
Көңүл буруңуз!!!
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору өзүнүн иш милдеттеринин алкагында Кыргыз Республикасынын иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктеринин (ЧАЗ) ишине мониторинг жүргүзөт. Чаздар ишти өз алдынча жүргүзүшөт жана көрсөтүлгөн кызматтын сапаты үчүн өздөрү жооп беришет.
Бирок, эгерде сиз чаздардын абийирсиз иш алып барган фактыларын аныктасаңыз, анда Борборго кайрылсаңыз болот.
Жумуш берүүчүлөр
0555713366, 0700733366
0555713366, 0700733366
0550512518
00996706796577 00996507070205
00996706796577 00996507070205
+996707518118
+996550270980
+996703689735
+996507340341 +996553340340
+996500545525
996500336663
0500484823
+996555455119
+996555333903
+996 708 38 48 43
+996 708 38 48 43
+996700992466
+996779503000
+996778162740
0706 990 990
0706301015
+996755040055
+996709020271; +996700248846; +996700444104
+996702299199
+996708900500
+996 507 72 80 80 +996 990 72 80 80
+996507507171 +996553878000
+996709021460
0502433334
0702 088555
+996500994366
0702253324
+996706203004
+996707233888
+996709020271; +996700248846; +996700444104
0708 000 991
+996778162740
+996 708 38 48 43
+996 708 38 48 43
+996707518118
+996507340341 +996553340340
0500551112
+996 708 38 48 43
+996 708 38 48 43
+996703689735
+996500320770, +996700012211
+996503070730, +996503070720
+996702299199
+996 501 55 16 55 +996 775 000 333
0997721717, 0700171772
+996500510103
+996500005194
+996550069798
+996704365134
+996557055085
+996555333903
+996700992466
0500712712; 0504440311
0502433334
0702 088555
0703228228
0703228228
0500585885
0504080778, 0708888571
+996505552655
+996558444445
0700373642
0500820890
0707777654
+996755040055
+996553480490
+996553480490
+996705417415
+996704883131
+996709224744
+996500005194
0702253324
0706 990 990
0706301015
0502574574
+996 507 72 80 80 +996 990 72 80 80
0999113325
+996702433601
+996990241949
+996507507171 +996553878000
0500585885
0504080778, 0708888571
+996706203004
0500712712; 0504440311
+996505552655
0708 000 991
+996557055085
+996706203004
+996 501 55 16 55 +996 775 000 333