2024-жылдын 30-январында Корея Республикасына ишке орноштуруу системасы (EPS) боюнча кезектеги топ үчүн чет өлкөгө чыгуу алдында окутуу жүргүзүп узаттык

31 Январь 2024
2024-жылдын 30-январында Корея Республикасына ишке орноштуруу системасы (EPS) боюнча кезектеги топ үчүн чет өлкөгө чыгуу алдында окутуу жүргүзүп узаттык

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түштүк Кореяга эмгек келишимин алган жарандар үчүн чет өлкөгө ыгуу алдындагы окутуу өткөрдү.

 

Борбор тарабынан Кыргыз Республикасын жана анын эмгек ресурстарын популяризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш – чаралардын натыйжасында келип түшкөн контракттардын саны, ошондой эле Корея Республикасына кеткендердин саны эки эсеге көбөйдү.

Бул программанын алкагында 15 жылдан бери Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу Борбору иштеп келет жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасынын ишканаларына ийгиликтүү ишке орноштурат. Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орноштурулган. Азыркы учурда Корея Республикасында EPS программасы боюнча 1,5 миңге жакын жаран эмгектенет.

Жумушка кеткендердин жалпы санынын көпчүлүк бөлүгү өндүрүш тармагында эмгектенишет:
🟧тамак-аш
🟧 химиялык
🟧кагаз өнөр жайы
🟧пластик, резина жана айнек буюмдарын өндүрүү жайы

💰Орточо эмгек акы 1800 АКШ долларын түзөт, мында жашаган жери жана тамак-ашы (жарым жартылай же толугу менен) иш берүүчүнүн эсебинен кетет.

📌EPS программанын негизги талабы - корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү. Жакын арада 2024 жылга тестирлөө боюнча маалымат сайтка жана социалдык баракчаларыбызга жайгаштырылат. Жанылыктарга көз салыңыздар. 

 

Ошондой эле чет өлкөгө чыгуу алдында окутуу өткөрүүнүн алкагында Борбордун жетекчилиги жарандарга кыргыз элинин улуттук мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы алгачкы кадам болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө маалымат берди.


Корея Республикасына жана башка өлкөлөргө жарандарды ишке орноштуруу боюнча зарыл маалыматты Борбордун www.migrant.kg сайтынан көрүүгө болот.