Улуу Британияда ийгиликтүү иштеген жана кайра жумушка орношууну пландап жаткан жарандар үчүн акысыз англис тили курстары

15 Июль 2024
Улуу Британияда ийгиликтүү иштеген жана кайра жумушка орношууну пландап жаткан жарандар үчүн акысыз англис тили курстары

 

 

🇬🇧АКЫСЫЗ АНГЛИС ТИЛИ КУРСТАРЫ🇬🇧

Англис тили боюнча акысыз курстардын экинчи этабына каттоонун башталганын жарыялайбыз❗

Эскерте кетсек, бул Англис тили курстарына Улуу Британияга барып, кайрадан барууну пландап жаткан жарандарыбыз гана катыша алышат📚

Курстун узактыгы:
- 2,5 ай
- жумасына 3 жолу

📍Өтүүчү жери:
- Ош жана Бишкек шаарларында офлайн сабактар

 

Курстун датасы: 2024-жылдын 1-августу

Курстан сиз эмнелерди аласыз:
🔹Англис тилинин негиздери:
Грамматика, лексика жана туура сүйлөө.

🔹Практикалык көндүмдөр:
Сүйлөшүү, окуу жана жазуу практикасы.

🔹Адаптация:
Улуу Британияда күнүмдүк жашоого жана иштөөгө керектүү тилди үйрөнөсүз.

💬Кантип катталуу керек:
Шилтеме аркылуу өтүп Google формасын толтуруңуз.

ШИЛТЕМЕ

❗️Сезондук жумушчулар программасына катышуу үчүн орус тилин билүү жетиштүү. Ошондуктан, сезондук жумушчулар программасына катышууда англис тили курсунан өтүү шарт эмес. Акысыз англис тили курсунун башкы максаты - Улуу Британияда күнүмдүк жашооңуздун ыңгайлуу болуусуна англис тилин билүү деңгээлиңизди жогорулатуу аркылуу жардам көрсөтүү. Эгерде курска катталсаңыз башынан аягына чейин катышууңуз зарыл.

🇬🇧Англис тилин жакшыртууга карай сапарыңызды бүгүн баштаңыз! Биздин акысыз англис тили курстарыбыз менен жаңы мүмкүнчүлүктөргө даярданыңыз жана келечекке ишенимдүү кадам таштаңыз.