- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору япон тилин билген жарандарды Японияда ишке орноштуруу программасына катышуу үчүн каттоо баштаганын билдирет /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору япон тилин билген жарандарды Японияда ишке орноштуруу программасына катышуу үчүн каттоо баштаганын билдирет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Японияда ишке орноштуруу программасына катышуу үчүн япон тилин билген жарандарды “Белгилүү көндүмдөрү бар кызматкер” » (Specified Skilled Worker – SSW) статусунун алкагында каттоо башталгандыгын жарыялайт.
Биринчи этапта Кыргыз Республикасынын жарандарына Япониянын Иммиграция кызматы менен мурда жетишилген макулдашуулардын алкагында “имараттарды тазалоо боюнча кызматтар”, “такси, автобус жана жүк ташуучу автомобилдердин айдоочулары” тармактарында ишке орношуу максатында онлайн каттоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Каттоого төмөнкү талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары өтө алышат:
• 18 жаштан жогору;
• Япон тилинин негизги деңгээлин билүү;
• Жалпы жарандык паспорттун (чет элдик паспорттун) болушу;
• Япониянын миграция мыйзамдарын бузуулары жок болушу.
Экинчи этапта япон тилин билүү боюнча тестирлөө өткөрүлөт: болжолдуу датасы 2025-жылдын 10-31-мартында, Бишкек шаары (тестирлөөнүн баасы 30 АКШ доллары, тестирлөө боюнча эл аралык стандартташтырылган уюмга төлөнөт).
Эки этаптан ийгиликтүү өткөн бардык талапкерлер Япониянын иммиграция кызматынын реестрине катталат.