Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна келишти

26 Январь 2024
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна келишти

2024-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Альянс” фракциясынын депутаттары мамлекеттик органдын ишмердиги менен таанышуу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна келишти.

 

 Жолугушуу конструктивдүү жана ачык өттү, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.Я.Алимжанова, Ж.К.Акаев, А.А.Исраилов, Министрдин орун басары Н.С.Базарбаев, Борбордун директору Кудайбердиев Б.Э., МЭАУ Өкүлчүлүктүн жетекчиси Молдобаева Б.Б., ошондой эле борбордун кызматкерлери катышты.

 

Депутаттар Борбордун ишмердиги, анын негизги милдеттери жана функциялары менен таанышты. Жолугушуунун жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүүнүн маанилүү куралы болгон migrant.kg сайты кеңири презентацияланды.

 

Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумушчунун программасы талкуунун негизги темасы болду. Бул программанын артыкчылыктары кылдаттык менен каралып, бул келечекте аны ишке ашыруунун механизмдерин жакшыртууга мүмкүндүк берет. Бул талкуу программаны андан ары өнүктүрүү жана оптималдаштыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, анын потенциалдуу катышуучулар үчүн дагы эффективдүү жана натыйжалуу болуп калды.

 

Жыйындын жүрүшүндө Эл аралык миграция уюму менен КР Улуттук статистикалык комитети биргелешип даярдаган баяндама угулду. “Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаалга сереп салуу” баяндамасы 2022-жылдагы эл каттоонун маалыматтарынын негизинде иштелип чыккан, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы миграциянын учурдагы абалы жөнүндө баалуу маалыматтарды берет жана эмгек миграциясы жаатындагы саясатты калыптандырат.

 

Депутаттар Борбордун ишине канааттангандыгын билдиришип, жамаатка мындан аркы ийгиликтерди каалашты. Алар эмгек миграциясы маселелери боюнча бардык кызыкдар тараптардын мындан аркы кызматташуусунун жана өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

 

Ошондой эле депутаттар Борборго келген жарандар менен баарлашып, жарандар Борбордун кызматкерлеринин ишине оң баалаын беришти.