Кыргыз Республикасынын жараны Россия Федерациясында же башка өлкөдө 6 ай иштеп, ал жакта ишин уланта берсе, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын программасына катыша алат

23 Ноябрь 2023
Кыргыз Республикасынын жараны Россия Федерациясында же башка өлкөдө 6 ай иштеп, ал жакта ишин уланта берсе,  Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын программасына катыша алат

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев бүгүн, 2023-жылдын 23-ноябрда, Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Мамлекеттик Ипотека программасы боюнча мигранттарга ипотекалык турак жай алууга жардам берүү керектигин билдирди.

 

Буга министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бул багытта иштер жүрүп жатканын айтты.

 

 “Кыргыз Республикасынын жараны Россия Федерациясында же башка өлкөдө 6 ай иштеп, ал жакта ишин уланта берсе,  Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын программасына катыша алат” - деп айтты.

 

Жыйында биринчи окууда бир катар мыйзам долбоорлору, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгили жөнүндө"," Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгили жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет каралууда.

 


Кененирээк: www.tazabek.kg/news:2024744?f=cp