Корея Республикасына ишке орноштуруу системасы жөнүндө маалымат

15 Январь 2025
Корея Республикасына ишке орноштуруу  системасы жөнүндө маалымат

2025-жылдын 20-январдан 23-январга чейин өндүрүш тармагына Корея республикасына ишке орношуу үчүн EPS-topik программасы боюнча ЖАЛПЫ тестирлөөгө онлайн каттоо ачылат.

Программага жарамдуу

  • Жашы боюнча талаптар: 1985-жылдын 21-январь ~ 2007-жылдын 20-январь;
  • 18 жаштан - 39 жашка чейинки жарандар;
  • Мурда соттолбогондор жана жазык жоопкечерлигине тартылбагандар;
  • Корея Республикасынан депортациялоо жөнүндө жазуусу же чыгып кетүү буйругу жок адамдар;
  • Кыргыз Республикасынын чыгуу боюнча эч кандай чектөөсү жок адамдар;
  • Саякатка чыгууга тыюу салуу үчүн негизи жок адамдар;
  • Түстү айырмалабаган же дальтонизм (үч негизги түстүн биринин түшүшү же начарлашы).;
  • Дальтонизм менен жабыркаган жарандар программага катышууга укугу жок. Омуртка оорулары менен жабыркагандар жана кол манжаларын алдырган жарандар дагы катыша алат, бирок эмгекке жарамдуулугун экинчи тандоо этабында (Skill- Test) кылдат текшерүүдөн өтүшөт.
  • Кореяда E-9 жана E-10 визалары боюнча 5 жыл же андан ашык болгон жалпы узактыгы жок адамдар.