- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымдайт: Ош шаарында Японияда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү менен япон тили боюнча акысыз курстарга кабыл алуу башталды /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымдайт: Ош шаарында Японияда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү менен япон тили боюнча акысыз курстарга кабыл алуу башталды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору япон тили боюнча акысыз интенсивдүү курска кабыл алуу башталганын маалымдайт.
4 айдын ичинде катышуучулар япон тилин нөлдөн баштап N4 деңгээлине чейин өздөштүрүп, зарыл болгон тил деңгелин үйрөнүп, мындан аркы окууга, тилдик экзамендерди тапшырууга жана Японияда ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга даярдык көрүшөт.
Программа япон тилин, япон маданиятын үйрөнүүгө жана келечекте Японияда билим алуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыккан 18 жаштан 30 жашка чейинки жарандар үчүн 30 орунду карайт.
📌 Негизги маалымат
- Өтүүчү жери: Ош шаары
- Дареги: Амир-Тимур көчөсү, 9А
- Орундардын саны: 30
- Жаш курагы: 18 жаштан 30 жашка чейин
- Курстун узактыгы: 4 ай
- Сабактардын убактысы: 09:00дөн 17:00гө чейин
- Курстун башталышы: 2026-жылдын 29-сентябры
- Арыздарды кабыл алуу: 2026-жылдын 20-сентябры саат 18:00гө чейин
🎓 Программа эмнелерди камсыз кылат?
Катышуучуларга төмөнкүлөр берилет:
- япон тилин акысыз үйрөнүү;
- акысыз түшкү тамак жана жеңил тамактар;
- кеңсе буюмдары жана окуу материалдары;
- курулуш техникалары боюнча көндүмдөргө акысыз окутуу;
- курсту аяктагандан кийин сертификат.
🇯🇵 Кийинки ишке орношуу мүмкүнчүлүгү
Курсту аяктагандан кийин катышуучулар Japanese-Language Proficiency Test (JLPT) экзаменине даярдыктарын улантып, Ибараки жана Осака шаарларындагы тил мектептеринде андан ары билим алуу, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн талаптарына жана эмгек миграциясынын учурдагы программаларына ылайык Японияда ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн карай алышат.
Ишке орношуу кепилденбейт! Бул япон тилин билүү деңгээлине, экзамендердин жыйынтыгына, талапкердин квалификациясына жана иш берүүчүлөрдүн талаптарына жараша болот.
Маанилүү: программа интенсивдүү болгондуктан, аны жумуш же күндүзгү окуу менен айкалыштырууга болбойт. Сабактарга үзгүлтүксүз катышуу жана долбоордун шарттарын сактоо талап кылынат.
📲 Кантип арыз берүүгө болот?
Арыз берүү үчүн төмөнкү номерлерге чалып же WhatsApp аркылуу жазсаңыздар болот:
📞 0996 551 300017
📞 0996 700 825511
Чалуулар саат 10:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.
⏳ Арыздарды кабыл алуу — 2026-жылдын 20-сентябры, саат 18:00гө чейин.
🇯🇵 Курстун башталышы — 2026-жылдын 29-сентябры.
📍 Ош шаары, Амир-Тимур көчөсү, 9А