Коопсуз эмгек миграциясы боюнча Кара-Суу райондук администрациясындагы жана Кара-Суу шаардык мэриясындагы маалыматтык жолугушуулар

03 Июль 2024
Коопсуз эмгек миграциясы боюнча  Кара-Суу райондук администрациясындагы жана Кара-Суу шаардык мэриясындагы маалыматтык жолугушуулар

2-июлда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (ЖЧӨИОБ) тарабынан Мигранттар үчүн ресурстук борбору менен биргеликте Кара-Суу райондук администрациясында жана  Кара-Суу шаардык мэриясында мыйзамдуу жана коопсуз эмгек миграциясы боюнча калктын маалыматтуулугун жогорулатуу максатында атайын жыйындар өткөрүлдү.  

Иш-чараларга ЖЧӨИОБдун кызматкерлери, Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун өкүлү Голда Мира Рома, Мигранттар үчүн ресурстук борборунун өкүлдөрү, райакимчиликтин жана мэриянын жетекчилери жана кызматкерлери, айыл өкмөттөрү, айыл башчылары, социалдык кызматкерлер, эмгек мигранттары, жергиликтүү жашоочулар  катышкан маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Катышуучуларга Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жана Мигранттар үчүн ресурстук борбордун ишмердүүлүгү, migrant.kg сайтын туура пайдалануу, эмгек мигранттарын  чет өлкөдө жумушка орноштуруунун  эрежелери, коопсуз эмгек миграциясы, Борбордун расмий сайтында жарыяланган ваканттык орундар, мыйзам алкагында иш жүргүзүп жаткан ЖИАлар, чет өлкөлөрдө мыйзамдуу иштөөнүн жана жүрүм-турумдардын жол-жоболору тууралуу кеңири  маалыматтар жана кеңештер, суроолорго тиешелүү жооптор берилди. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана Мигранттар үчүн ресурстук борбор эмгек мигранттарына акысыз кеңештерди берээри белгиленди.

Иш-чаралар жакшы, ачык маанайда өткөрүлүп, катышуучулар өздөрү кызыккан бардык суроолорго жоопторду ала алышты.