Студенттердин жана окутуучулардын катышуусу менен маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуулары болуп өттү

14 Май 2024
Студенттердин жана окутуучулардын катышуусу менен маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуулары болуп өттү

Бүгүн, 14-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун (Борбор) түштүк регион боюнча бөлүмү жана Мигранттар үчүн ресурстук борбору менен биргелешкен Ж. Токтомаматова жана Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин бүтүрүчү курстун студенттерине жана эл аралык университеттин окутуучуларына  маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуулары өткөрүлдү.


Жолугушууларда Борбордун жана Мигранттар үчүн ресурстук борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө презентациялык материалдар көрсөтүлдү, ошондой эле коопсуз эмгек миграциясы, Борбор жана ЧАЗдын Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берилди.


Ошондой эле жолугушуулардын катышуучуларына чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орноштуруу жана эмгек мигранттарынын жеке коопсуздугу боюнча суроолорго толук жооптор берилди.