Корей тилин билүү боюнча кошумча тестирлөөнүн жыйынтыгы
Корея Республикасында жумушка орношуу багыты боюнча талапкерлердин реестрине катталуу үчүн 2023-жылы корей тилин билүү боюнча атайын тесттен ийгиликтүү өткөн жарандар төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
- КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат Бишкек, Курманжан Датка көчөсү, 115; Ош, Ленин көчөсү, 199;
- Demir Bank расчеттук счет ( АКШ долларында расчеттук счет ачуу);
- Медициналык справка: медициналык кароодон өтүү жөнүндө
Бишкек шаарында 23-ноябрдан 25-ноябрга чейин 2023-жыл. Medcenter.kg Бишкек ш., Байтик Баатыр көч., 59 дареги боюнча.
Ош ш. 27-ноябрдан 1-декабрга чейин 2023ж.Ош ОИИБнын медициналык кызматы. дареги: Ош ш., Раззаков көч., 3;
- Сүрөт 3,5х4,5 (2 даана) ак фондо кара кийим;
- Паспорттун ( ID жана чет өлкөлүк) түстүү көчүрмөлөрү;
- Изденүүчүлөрдүн реестрине каттоо үчүн 300 сом төлөгөндүгү тууралуу квитанция
300 сом чет өлкөдө ишке орношууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн
|
Документтерди кабыл алуу:
Бишкек шаары, 2023-жыл 30-ноябрь, Токтогул көчөсү, 237
Ош шаары, 2023-жыл 4-декабрь, Ленин көчөсү, 221