Корей тилин билүү боюнча 2023 жылдын атайын тесттин жыйынтыгы
01 Ноябрь 2023
Корея Республикасында жумушка орношуу багыты боюнча талапкерлердин реестрине катталуу үчүн 2023-жылы корей тилин билүү боюнча атайын тесттен ийгиликтүү өткөн жарандар төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
- КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат Бишкек, Курманжан Датка көчөсү, 115; Ош, Ленин көчөсү, 199;
- Расчеттук счет ( АКШ долларында расчеттук счет ачуу);
- Медициналык справка: медициналык кароодон өтүү жөнүндө Бишкек шаарындагы Киев көчөсү, 27/1 дареги боюнча Республикалык диагностикалык дарылоо борбору 2023-жылдын 13-ноябрдан 16-ноябрга чейин ; Ош шаарындагы ИИБнын медициналык кызматы Ош облусу Раззаков көчөсү 3, 2023-жылдын 14-ноябрдан 17-ноябрга чейин;
- Сүрөт 3,5х4,5 (2 даана) ак фондо кара кийим;
- Паспорттун ( ID жана чет өлкөлүк) түстүү көчүрмөлөрү;
- Изденүүчүлөрдүн реестрине каттоо үчүн 300 сом төлөгөндүгү тууралуу квитанция
300 сом чет өлкөдө ишке орношууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн
|
Документтерди кабыл алуу:
Бишкек шаары, 2023-жыл 17-ноябрь, Токтогул көчөсү, 237
Ош шаары, 2023-жыл 20-ноябрь, Ленин көчөсү, 221