Биздин сайт эмгек мигранттарына кандайча колдоо көрсөтөт

04 Сентябрь 2023
Биздин сайт эмгек мигранттарына кандайча колдоо көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун тургуну Рашид Кошалиев Орусияга бир нече жолу барып келген. 2017-жылы кайрадан Россияга бара жатканда, административдик мыйзам бузуулардан үч жылга кирүүгө тыюу салынгандыктан Бишкектеги Манас аэропортунан уча албай калган.

Ошондон кийин Рашид башка өлкөлөрдө жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн издеп баштаган. Көп өтпөй ал Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун веб-сайты migrant.kg жөнүндө билди.

Кыргыз Республикасынын жарандары, migrant.kgге кирип, төмөнкү көп пайдалуу маалыматтарды ала алышат: чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору; Кыргызстандын жарандарына тышкы эмгек рыногунда мыйзамдуу жумушка орношууга көмөк көрсөтүү; Кыргызстандын жарандары чет өлкөгө жумушка орношууга уруксат алуу; миграция чөйрөсүндөгү актуалдуу; чет өлкөдө көз жумган Кыргызстандын жарандарынын денелерин репатриациялоого кеткен чыгымдарын төлөп берүү жөнүндө маалымат. Азыркы учурда бул Кыргызстандагы иш менен камсыз кылуу боюнча жеке агенттиктердин лицензиясы бар жалгыз сайты. 

Потенциалдуу мигранттар кыргызстандыктардын Россия Федерациясына кирүүсүнө убактылуу тыюу салган "кара тизме" менен онлайн режиминде да тааныша алышат. 

 

     

“Сайтта кыргыз жарандарынын "кара тизмеси" бар экенине таң калдым. Бул абдан пайдалуу маалымат, эгер мен Россияга билет сатып алганга чейин бул тизмеде экенимди билсем, авиабилет сатып алуу үчүн 10 000 сом коротмок эмесмин", - дейт Рашид.

Бул сайт 2021-жылдын июль айында Winrock International ишке ашырып жаткан USAIDдин «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» долбоорунун колдоосу менен ишке киргизилген. Ушул убакыт аралыгында сайт үч миллиондон ашуун жолу көрүлгөн. 

Ошондон кийин ал чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун www.migrant.kg сайтынан Улуу Британияда сезондук жумушта иштөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат алып, сезондук жумушка барып келди.

 

     

 

“Кулпунай терип иштеп, эмгек миграциясына ийгиликтүү барып келдим, тапкан акчам менен үйүбүздү бүтүрүп, оңдоп-түзөп алдык. Менин жубайым тигүүчү болгондуткан, бөлмөлөрдүн бирин тигүү цехине айлантып, кошумча киреше алууну пландаштырып жатабыз”, - деп кубанды Рашид.

 

 

   

 

24 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Айдар migrant.kg сайтынан маалымат алып жана кийинчерээк Борбордун көмөгү менен Улуу Британияга айыл-чарба жумушуна барып келген.

"Мен Улуу Британияда жумушка орношууга абдан кызыкчумун. Бирок мен текшерилген маалыматты кайдан табаарымды билбей калдым", - деди Айдар.

Мына ошондо ал төмөнкүлөрдү migrant.kg аркылуу билди.  

 

Бул Борбордун ыкчам линия операторлору, юристи жарандарга сайттагы WhatsApp жана онлайн чат аркылуу ошондой эле бетме-бет коопсуз миграция жана чет өлкөгө жумушка орношуу боюнча акысыз консультацияларды беришет. Акыркы эки жылда бул сайт аркылуу 52 000ден ашык адам консультация алышкан.

«Борбордун юристин белгилеп кетким келет. Ал мага консультация берип, жол көрсөтүп, жардам бергени үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Мага түшүнүксүз болгон жерде, юристке кайрылып, кошумча маалымат алып жаттым. Бирок баардык маалымат сайтта да жеткиликтүү экен», - дейт Айдар.

 

Migrant.kg сайты чет өлкөдө мыйзамдуу жумушка орношуу жөнүндө текшерилген маалыматтарды берүү менен кыргыз мигранттарынын жашоосун жакшыртууга өбөлгө түзөт. Сайттын жардамы менен жарандар миграцияга байланыштуу акыркы жаңылыктар жана өзгөрүүлөр жөнүндө өз убагында маалымат ала алышат.