Жалал-Абад облусундагы коопсуз миграция кербени

16 Май 2024
Жалал-Абад облусундагы коопсуз миграция кербени

 Жалал-Абад шаарында, ошондой эле Базар-Коргон жана Сузак райондорунда 14-16-майга чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун түштүк регион боюнча бөлүмү жана Мигранттар үчүн ресурстук борбору тарабынан бир катар маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуулары өткөрүлдү.

 

Жолугушуулар коопсуз эмгек миграциясы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө мыйзамдуу ишке орноштуруу жөнүндө толук маалымат берүүгө багытталган. Иш-чаранын катышуучуларынын арасында КР ЭСКМ аймактагы башкармалыктарынын кызматкерлери, МАБнын жетекчилери, айыл округдарынын өкүлдөрү, ИИОнун кызматкерлери, ошондой эле  Ж. Токтомаматов атындагы эл аралык университеттин жана Жалал-Абад Мамлекеттик университет студенттери болду.

 

Борбордун жана РБнын ишмердүүлүгүн көрсөткөн презентациялык материалдар катышуучуларга көрсөтүлдү, ошондой эле  www.migrant.kg сайтта жеткиликтүү ресурстар жөнүндө кеңири маалымат берилди. Жолугушуулардын жүрүшүндө чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношууга жана эмгек мигранттарынын жеке коопсуздугуна тиешелүү суроолорго жооптор берилди.

 

Иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча катышуучуларга коопсуз миграция жана адамдарды сатуу тобокелдиктери жөнүндө маанилүү маалыматтарды камтыган маалыматтык плакаттар тапшырылды. Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө ишке орношууга умтулган жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын камсыз кылуудагы маанилүү кадам болуп калды.