6-декабрь Ош шаарындагы Коопсуз миграция кербени: Чет өлкөдө ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат

06 Декабрь 2023
6-декабрь Ош шаарындагы Коопсуз миграция кербени: Чет өлкөдө ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат

Бүгүн 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Ош технологиялык университетинде "Коопсуз миграция кербени - Чет өлкөлөрдөгү бош орундардын жарманкесин" ийгиликтүү өткөрдү.

 

Демилге  Winrock International  тарабынан ишке ашырылып жаткан "Борбор Азиядагы коопсуз миграция" USAID  долбоорунун колдоосу менен ишке ашты.

 

Иш-чара коопсуз миграцияга даярдыктар, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери аркылуу ишке орношуу этаптары тууралуу кабардар болгон катышуучулардын көңүлүн бурууга татыктуу болду, ошондой эле эмгек мыйзамдары жана чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча маалыматтарды алышты.

 

Катышуучулар иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин актуалдуу бош орундары менен таанышууга жана бардык кызыктырган суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк алышты.

 

Ош технологиялык университетиндеги иш-чара Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарында өткөрүлө турган бош орундар жарманкесинин иш-чараларынын сериясынын башталышы гана болуп саналат:

12-декабрь: Нарын шаары, с. Орозбак көчөсү, 25
13-декабрь: Каракол шаары, Абдрахманов көчөсү, 103
14-декабрь: Бишкек ш., Фрунзе көч., 547

 

Ар бир аймакта иш-чаралар саат 10:00дөн 12:00гө чейин болот.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн, кызыкдар болгон бардык жарандар Борбордун Ишеним телефону аркылуу кайрылууга болот +996 559 189 900.

 

Борбор бардык кызыкдар болгон жарандарды алдыдагы Бош орундар жарманкесинин иш-чараларына катышууга, ошондой эле чет өлкөлөрдө ишке орношууга өзү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана перспективаларды табууга чакырат.