Эмгек миграциясы жөнүндө маалымат берүү иш-чарасы

27 Май 2024
Эмгек миграциясы жөнүндө маалымат берүү иш-чарасы

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун түштүк аймагы боюнча бөлүмү жана Мигранттар үчүн ресурстук борбору тарабынан 2024-жылдын 28-майында Баткен Мамлекеттик университетинде жана Баткен районунда (Баткен шаарын кошуп), 29-майда Лейлек районунда, 30-майда Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү пландалууда. 

 

Жолугушуулардын максаты - Борбордун жана МРБнын ишмердүүлүгү, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруунун  эрежелери, коопсуз эмгек миграциясы, чет өлкөлөрдө көйгөйлөргө кабылып калбоо чаралары, жеке иш берүүчү агенттиктер, migrant.kg сайтындагы маалыматтарды туура пайдалануу, ж.б. маселелер боюнча кеңири маалыматтарды берүү. 

 

 Иш-чараларга райондук жана шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын, райакимчиликтердин, мэриялардын, ички иштер органдарынын, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери жана соцкызматкерлери, айыл башчылары, мугалимдер, студенттер, тиешелүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышат.

 

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору чет өлкөдө иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктерди актуалдуу жумуш орундары жөнүндө маалыматтарын берип иш чарага катышууга чакырат.

 

Сурап билүү телефону +996 703146190