Эл аралык тегерек стол миграциялык процесстерди талкуулоо

16 Май 2024
Эл аралык тегерек стол миграциялык процесстерди талкуулоо

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жетекчилиги 14 жана 15 – майда замандын маанилүү темасына - "Миграциялык процесстер бирдиктүү Евразия мейкиндигиндеги кызматташтыктын фактору катары" арналган эл аралык тегерек столго жана стратегиялык сессияга, ошондой эле Өлкөлөр аралык миграция боюнча эксперттик-консультативдик кеңештин (ЭСК) отурумуна жана "миграция жана өнүгүү (тынчтык)"Эл аралык коалициясынын отурумуна активдүү катышты.

 

Иш-чара Россия, Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу сегиз өлкөнүн бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү чогултуу. Иш-чара гибриддик форматта уюштурулуп, катышуучуларга алардын жайгашкан жерине карабастан актуалдуу маселелерди талкуулоого жана тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берди.

 

Иш-чаранын негизги максаты Россия менен Орто Азия жана Закавказь өлкөлөрүнүн ортосунда миграциялык процесстердин интеграциялык потенциалын ишке ашыруу чөйрөсүндө күч-аракеттерди координациялоо жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү болду. Тегерек столдун жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн миграциялык чөйрөдөгү тажрыйбасы көрсөтүлдү, мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен иштөө механизмдерин өркүндөтүү боюнча чаралар, ошондой эле Евразия мейкиндигине кирген өлкөлөрдүн коомдук жана мамлекеттик уюмдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн мүмкүн болгон багыттары талкууланды.

 

"Бул иш – чара билими жана тажрыйбалар менен алмашуу үчүн мыкты платформа болду,  кызматташтыкты бекемдөөгө жана миграциялык процесстерди башкаруунун натыйжалуу ыкмаларын өнүктүрүүгө шексиз өбөлгө түзөт", - деп сөзүндө белгиледи Борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев.

Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору миграция жаатында эл аралык байланыштарды чыңдоо жана кызматташууну өнүктүрүү боюнча ишин улантат, бул региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги фактору болуп саналат.